Кол чаап, чуу түшүп... Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы өтпөй калды. Видео

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Буга кээ бир депутаттар кол чабуу менен кубанса, айрымдары нааразы болуп кайрадан добуш берүүнү талап кылды.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору өтпөй калды.
Бүгүн добуш берүүнүн жыйынтыгында алгач 64 депутат макул, 32 эл өкүлү каршы добуш берди. Бирок депутат Акулу Бердиев добуш берүүгө жетишпей калгандыктан кайра добушка коюлду. Анын жыйынтыгында 59у макул, 38и каршы болду. Мыйзам өтүшү үчүн кеминде 61 добуш талап кылынган.
Буга кээ бир депутаттар кол чабуу менен кубанса, айрымдары кайрадан добуш берүүнү талап кылды.
Бир нече мүнөткө талашып-тартышуунун аягында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кайра добуш коюу сунушун четке какты.

Чуу мыйзамдын тарыхы

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган.
Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан.
Калп детекторундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Депутат прокурорлорду калп детектору менен текшерип кызматка алууну сунуштады
Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.
Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0