Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Алты талапкер президенттин квотасы менен сунушталган, калган алтоо парламенттик фракциялар тарабынан көрсөтүлдү.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн БШК мүчөлүгүнө 12 талапкерди жактырып, парламентке алып чыкты. Жалпы жыйында алардын баары колдоо тапты.
Президенттин квотасы менен сунушталгандар:
  • Нуржан Шайлдабекова (учурдагы БШК төрайымы);
  • Марс Наспеков;
  • Анар Дубанбаева;
  • Нурлан Койчукеев;
  • Акбалык Жумалиева;
  • Айдана Жупуева.
Фракция сунуштагандар:
  • КСПД — Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү;
  • "Кыргызстан" — Акылбек Эшимов, БШКнын учурдагы мүчөсү;
  • "Республика — Ата-Журт" — Кайрат Маматов, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
  • "Өнүгүү — Прогресс" — Тынчтык Шайназаров, БШКнын учурдагы мүчөсү;
  • "Бир Бол" — Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары;
  • "Ата Мекен" — Искендер Гайпкулов, Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси;
Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтү 25-июнда бүткөн. 
Жаңылыктар түрмөгү
0