Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында кесиптеши Джейхун Байрамов менен жолукту

Казакбаев Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн атайын Азербайжанга барды

192
(жаңыланган 20:19 02.07.2021)
Руслан Казакбаев кесиптешине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевге жолдогон расмий кайрылуусун жеткириш үчүн келгенин айткан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында кесиптеши Джейхун Байрамов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгы белгиленген. Ошондой эле Руслан Казакбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевге жолдогон расмий кайрылуусун жеткириш үчүн келгенин айткан.

Казакбаев Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу эки тараптуу мамилелердеги негизги окуя болуп каларын белгилеп, Жапаров эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташууга жаңы маани берген эки демилге менен чыккандыгын маалымдаган. Алар:

  • стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өлкө башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңеш түзүү;
  • жакынкы келечекте "Борбордук Азия — Түштүк Кавказ" региондор аралык платформасын түзүү (5 + 3).

Руслан Казакбаев бул демилгелерди ишке ашыруу жалпы потенциалды чыңдап, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды биргелешип жеңүүгө мүмкүндүк берет деген пикирин билдирген.

Тараптар ошондой эле биргелешкен инвестициялык фондду түзүү, түз авиакаттамдарды жандандыруу, маданий-гуманитардык кызматташтык, анын ичинде студенттер менен алмашуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары, министрлердин орун басарларынын деңгээлинде министрлер аралык саясий консультацияларды уюштуруу жана укуктук базаны инвентаризациялоо маселеси көтөрүлгөн.

Тараптар COVID-19 пандемиясынан улам болгон чектөөлөргө карабастан, 2021-жылдын алгачкы 5 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн канааттануу менен белгилешкен.

 

192
Белгилер:
Кыргызстан, Азербайжан, ТИМ, министр, Садыр Жапаров, Ильхам Алиев
Тема боюнча
Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков ЕЭКке министр болуп дайындалды
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт

Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту

14
(жаңыланган 20:02 19.09.2021)
Быйыл январда Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдуу шайланган президенти америкалык өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн эмес. Мындай чуулгандуу жаңылыкты жарым кылым оболу президент Никсонго "Уотергейтти" уюштурган айтылуу журналист Боб Вудворд жарыялады.

Жакында эле жарык көргөн "Тобокелдик" ("Peril") китебинде журналистиканын 78 жаштагы патриархы АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин сөзүн келтирет. Айтымында, ал 6-январдагы окуядан соң Трамп кетеринде бир чуу салып кетет деп катуу чочулап, өзөктүк сокку уруу жөнүндөгү чечим кабыл алуу алгоритмин өзгөрткөн. Ошол билдирүү жана Кошмо Штаттардын өзөктүк курал жаатындагы жагдайга Виктория Никифорова баам салган.

Мыйзамга ылайык, АКШ президенти аскер жетекчилери, эң оболу Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы менен консультация өткөргөн соң өзөктүк ракеталарды коё берүү жөнүндө буйрук берет. Аскерлердики кеңеш берүүчү гана добуш. Бирок Милли офицерлерди бул жааттагы Трамптын бардык буйруктары алгач ага маалымдоону буюрган, андан ары эмне кылышты өзү чечмек.

Бул аз келгенсип Трампка кабарлабастан генерал Милли өзүнүн кытайлык кесиптешине – Борбордук аскердик кеңештин Бириккен штабынын жетекчиси Ли Цзочэнго телефон чалып, кокус бир нерсе болуп кетсе кабатырланбоону өтүнгөн. "Эгер биз сиздерге кол сала турган болсок, генерал Ли, мен сизге кабарлап коём. Бул күтүүсүз болбойт", – деген ал.

Ушул тапта республикачылар жана демократтар ошол телефон чалуу мамлекетке чыккынчылык акты болгонбу же жокпу деп кызуу талкуулап жатышкан чагы. Кошмо Штаттардын мамлекеттик башкаруу тутумунда чындап эле баары чиеленишип калды, демократтар "сиздер түшүнбөй турасыңар, бул бөлөк!" деп кыйкырышат. Баарынан кызыгы көпчүлүк аларга кулак салып, ынанып да жаткандыгында.

Байдендин келиши менен кырдаал жакшыра түштүбү? Анткен жери жок. Афганистан туурасында суроолорго жооп алуу үчүн АКШнын башкы командачысын конгресске чакырышкан. Бирок Байдендин башка иштери чыгып калыптыр. Конгрессмендердин алдында ал үчүн жагдайдан таптакыр кабары жок мамлекеттик катчы Блинкен "соккуга калды".

"Деги бизде ким баарына жооп берет? Ким чечим кабыл алат?" — деп сурады андан сенатор Риш. Ал Калифорниядагы өрт боюнча кызмат өкүлдөрү менен жолугушуусунун эң кызуу жерине келгенде президенттин сөзүн эфирден кесип салышканын Блинкендин эсине салды.

Өлкөнүн Башкы штабынын жетекчиси башка мамлекеттин башкы штабындагы жолдошуна телефон чалып: "Кабатыр болбо, кокус силерди жардыра турган болсок, кабарлап коём" дегени да чындап эле кызык, анан да күдүк ойлорго түртпөй салбай койбойт.

Кошмо Штаттар кадимки, өзөктүк, биологиялык жана химиялык курал кору боюнча айныгыс чемпион эмеспи. Сүйлөп жаткан эфирин өчүрүп сала алышкан карыя жолбашчы ушул тапта дүйнө жүзүндө эң күчтүү армияны тескейт.

Анан да АКШнын аскердик машинасы азыр кызыктуу трансформацияны баштан кечирип жаткан чагы. Айрым аналитиктер державанын Афганистандан качышы жана Сауд Аравиясын аскердик колдоодон күтүүсүз баш тартышы тегин жерден эмес дешет. Бул маңызсыз жана баарын жадатып бүткөн "эл аралык террорчулукка каршы согуштун", эл аралык агрессиянын алда канча масштабдуу программасын жүзөгө ашыруу аракетинин аякташы экенин белгилешет.

Rand корпорациясынын маалыматы боюнча, 2014-жылы эле Пентагондо "Үчүнчү калыптануу" (The Third Offset) деп аталган кандайдыр бир табышмактуу планды талкуулоого киришкен. Анда АКШнын негизги аскердик каршылаштары болжол менен күчтөрү бирдей Кытай менен Россия болору камтылган. Аларды жеңүү Америкага жаңы көп полярдуу дүйнөдө үстөмдүктү камсыздап бермек.

Афганистан же Ирак өңдүү кенедей өлкөлөр унутта калып, күчтүн баары кудуреттүү державаларга каршы күрөшүүгө топтоштурулмак. Бул үчүн армия супертехнологиялык болуп, роботторго, жасалма интеллект, космостук технологияларга, кибер күчтөргө ээ болууга тийиш эле. Эмне үчүн "Үчүнчү калыптануу"? Алгачкысы – Корея согушунан кийинки АКШ армиясынын технологиялык кайра жаралуусу. Экинчи катары технологиялык секирик Вьетнамдагы согуштан утулгандан кийинки тирдениши айтылса керек. Үчүнчү калыптануу террорчулукка каршы согуштун аягына пландалган.

Анткен менен андай демилге колдоо тапкан эмес. Бирок 2018-жылы Трамптын тушунда улуттук коргоо стратегиясы кабыл алынган. Кошмо штаттардын башкы душмандары катары анда да дал Кытай менен Россия, ал эми болочоктогу согуштук аракеттердин негизги театры катары Индия жана Тынч океандын акваториясы белгиленген.

"Үчүнчү калыптануу" — чөлдө талибдерди кубалагандай эмес, башка стратегия, бөлөкчө курал, башка суммадагы каражат. Трамптын тушунда Пентагондун бюджети 700 миллиард доллардан ашып кеткен.

Байден 2022-жылга аскердик багытка 753 миллиард бөлгөнү турат. Болгондо да анын жүз миллиарддан ашууну аскердик жаңы технологиялардын флагманына, тагыраагы, АКШнын Коргоо министрлигинин келечектүү изилдөөлөр башкармалыгына берилет. Кибер күчтөр 10,4 миллиарддан көбүрөөк каражат алат. Ошол ири планда эбегейсиз роль жасалма интеллектке жүктөлгөн. Google аянтчасынын ээси Эрик Шмидт, Palantir платформасынын кожоюну Питер Тиль жана санарип жаатындагы олигархтар Пентагонго өз өндүрүмдөрүн ийгиликтүү сатып келе жатканына бир топ болду. Алар кандай иштейт, ал башка кеп.

Жасалма интеллект бир топ жолу таң калыштуу каталарды кетиргенине дүйнө күбө. Мисалы, 2003-жылы Ирак согушу башталган тушта учкучсуз учурулган америкалык "Патриот" ракеталары жаңылыштык менен адегенде британиялык, андан соң америкалык истребителдерди атып түшүргөн. Алардын учкучтары ошентип кокустуктан шейит болгон. Жакында эле Германиядагы америкалык Рамштайн базасындагы эрте маалымдоо системасы жалган сигнал берген. Дал ошол маалда Балтика деңизинде россиялык Аскер-деңиз флотунун машыгуулары өтүп жаткан эле. Компьютер окуу алкагында ракеталардын коё берилишин чыныгы сокку катары кабылдаган экен. Ошентсе да америкалык өнөктөштөр өзөктүк куралдануу жаатында жасалма интеллектти пайдаланууну пландоодо. Анан калса ракета коё берүү жөнүндө чечим кабыл алуу сымал өтө сезимтал багытында колдонулушу мүмкүн.

Америкалык коргоо жаатындагы басылмалар, ошол эле Rand корпорациясы коркунучту таап, ажыра билүү жана чечим кабыл алууда компьютер кантип ката кетирери туурасындагы ондогон сценарийлерди сүрөттөшкөн. Мисалы, аны атмосфералык өзгөчө көрүнүш деле жаңылтып коё алат. Компьютер аны душмандын ракетасы катары кабылдап, ага өз ракеталарын багытташы ыктымал. Аны байкаган каршылаш тарап чыныгы ракетасын чыгарып, ошентип кыямат-кайыңга кептеп коюшат деп чочулайсың.

Анткен менен демилге улам колдоого татып барат. Жасалма интеллект америкалык өнөктөштөргө түтүн түтөтүп көздөн жазгыруу ыкмасындай пайдалануу үчүн гана керекпи деген ойго эрксизден берилесиң. Ким буйрук берген? Тээтиги компьютер, болгону адашып калыптыр. Анан аягы "Кимди ким көрдү? Быржыбайды там басты" дегендей эле болот. Жоопкерчиликке да тартылчу жан болбойт. Мейкиндикти анча баамдай албаган президент. Керек учурда "терекке чыккан" вице-президент. Алсыздыгы айдан ачык мамлекеттик катчы. Аскерлерби? Генерал Марк Милли америкалык армияны түрлөнтүү жана анда маданий айырмачылыкты сактоого багытталган саясатты жүргүзүү менен алек.

Жасалма интеллектке буйрук берип, андан соң "түпкүрдөгү мамлекеттеги" белгисиз олигархтар тарабынан кабыл алынган чечимди компьютердин катасы деп кутулууну көздөшөбү?

СССРдин курамындагы республикалар өзүнчө бөлүнүп жатышкан 1990-жылдары америкалык өнөктөштөр кандай гана чуу салышпады. Талап-тоноо, өзөктүк куралдын аткезчилиги жөнүндө канча жоромолдорду жайышпады. Алардын эч бири орундалган жок. Советтик цивилизация соңку сыноону татыктуу жеңип, өзөктүк куралын сактап, жалпыга толук коопсуздукту камсыздап берди. Америкалыктардын өз ракеталарына мамилеси да кызык. Кезегинде Билл Клинтондун ракеталарды коё берүү коддорун (сыр сөздөрүн) жоготуп алганы аргасыз эске түшөт. Көпкө издеп убара тартышканы жаңылыктардан маалым. Эгер америкалык элитанын интеллекти ушундай болсо, анда алардын жасалма интеллекти кандай иштейт? Эл аралык коомчулук АКШнын өзөктүк кнопкасынын тегерегиндеги абалга көңүл бурууга учур келгендир...

14
Белгилер:
АКШ, президент, согуш
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат

Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт

107
(жаңыланган 10:31 19.09.2021)
Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына кезектеги депутаттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкеси Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан. Шайлоо тилкеси саат 8:00дөн баштап иштеп, учурда шайлоочулар добуш берүүдө.

  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкеси Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Шайлоо тилкеси саат 8:00дөн баштап иштеп, учурда шайлоочулар добуш берүүдө.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    РФтин Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин айтымында, шайлоодо добуш берүү үчүн Россиянын 100гө жакын жараны өз ыктыяры менен келип, каттоодон өткөн.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Голосование на выборах в Государственную Думу РФ на избирательном участке №8162 в Оше.
    Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 5
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасына кезектеги депуттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат

РФтин Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин айтымында, шайлоодо добуш берүү үчүн Россиянын 100гө жакын жараны өз ыктыяры менен келип, каттоодон өткөн.

"Алар Башкы консулдукта иштеген кызматкерлер, аскер кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү. Мындан сырткары, учурда өлкөнүн түштүк аймагындагы район, шаарларда жашап жаткан РФтин жарандары келип добушун берсе болот. Жалпы 300дөй шайлоочу өзүнүн добушун бериши мүмкүн деп болжолдоп жатабыз", — деди Свистин. Ал кошумчалагандай, өлкөнүн түштүк аймагына убактылуу келип-кетип турган РФтин 15 миңге жакын жараны бар.

Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.

Эске салсак, бул саясий өнөктүк негизи 17-19-сентябрга белгиленген. Россиянын Мамлекеттик Думасы менен биргеликте аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

107
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Мамлекеттик Дума, шайлоо, Ош шаары, башкы консулдук
Тема боюнча
Лавров: АКШ Россиядагы шайлоолорго кийлигишип жатканын тастыктап бердик
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди