Спикер Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү. Жогорку Кеңеш адатта кезексиз жыйынга депутаттардын сунушу менен чакырылат.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга 5-июлда чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Төрага Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин 34-регламентине таянып 5-июлдан 30-июлга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү. Жогорку Кеңеш адатта кезексиз жыйынга депутаттардын сунушу менен чакырылат. Эске салсак, депутаттар 30-июнда каникулга тарашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0