Матраимов Молдовадагы шайлоого көз салуу үчүн КМШ байкоочуларын жетектеп барат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Молдовада парламенттик шайлоо 11-июль күнү өтөт. Ага КМШ ПААнын жүздөн ашуун байкоочусу мониторинг жүргүзөт.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) эл аралык байкоочулар тобун Молдовага жетектеп барат. Бул тууралуу ПАА кеңешинин катчылыгы маалымдады.
Молдовада парламенттик шайлоо өтөт. Матраимовду эл аралык байкоочулар тобунун коодинатору кылып КМШ ПАА кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко дайындаган.
"Парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары шайлоого узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүштү. Добуш берүү күнү КМШ ПААнын жүздөн ашуун байкоочусу республиканын өзүндө жана башка өлкөдөгү шайлоо участкаларында иштейт. ПААнын байкоочулары КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында щайлоого мониторинг жүргүзөт. Ал миссияны ПААнын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий жетектейт", — деп айтылат маалыматта.
Молдовадагы парламенттик шайлоо 11-июлга дайындалган. Ага 20 саясий партия, эки блок жана бир көз карандысыз талапкер катышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0