Сапат лицейдердин жетекчиси. Архив

Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу

382
(жаңыланган 14:17 06.07.2021)
Экс-депутат өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеп, бийлик тарабынан адекваттуу баа берилиши зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жаранын уурдап кетиши өлкөнүн суверендүүлүгүнө кол салууга тете аракет. Бул тууралуу экс-депутат Өмүрбек Текебаев Facebook баракчасына жазды.

Ал Орхан Инанды Кыргызстандын жараны, өлкөдөгү билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан экенин айткан.

Депутат ЖК, лидер партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев на внеочередном заседании Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экс-депутат Өмүрбек Текебаев
"Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени кыргыз жарандарынан кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан Конституциянын бардык редакциясында "мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргойт жана чет элге эч убакта бербейт" деген кепилдик бар", — деди Текебаев.

Ошондой эле ал өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеген.

"Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандын аймагында эркин жүрүп, кыргыз жаранын уурдап кеткени Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Ошондуктан бул окуяга кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу баа берилиши керек. Ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасашы абзел", — деди экс-депутат.

Аны менен катар эртең ар бир жарандын башына ушундай каран түн түшсө, мамлекет аны таштап койбошуна ишенгендей болушу керектигин билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Инандынын чыгарылып кетиши боюнча эртеби-кечпи кылмыш иши козголорун эскертти.

 Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев на заседании Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
"Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча эртеби-кечпи азыркы бийликке кылмыш иши козголот. Бул Азиз Батукаевдин ишине окшоп турат. Бүгүн бийлик аларды эч ким жоопко тартпайт деп ишенип жатат. Бийликте түбөлүк отура албайсың", — деп жазган Бекешев.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.

Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.

Арадан бир ай өткөндөн кийин, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Түркияга жеткирилгенин маалымдады.

382
Белгилер:
Дастан Бекешев, Орхан Инанды, Өмүрбек Текебаев, Кыргызстан
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (46)
Тема боюнча
Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды жөнүндө сурады
Кыргызстан жана Тажикстан желектери. Архивдик сүрөт

Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү

76
(жаңыланган 20:26 24.07.2021)
Эске салсак, Бүгүн Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. 

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү окуя боюнча эки тараптын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунун Тумба аймагында эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугууга жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен Баткен жана Согди облустарынын укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Жыйынтыгында тараптар Кум-Мазар (Кыргызстан) жана Сомоньен (Тажикстан) аймагында эч кандай иштерди жүргүзбөө чечимин кабыл алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эки тараптын чек арачылары аталган аймактагы тартиптин сакталышын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине ок чыгарган. Окуя чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес. Тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин чек арачылар ок чыгарган.

76
Белгилер:
чек ара, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт  
Афганистандан качкындар. Архив

Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда

57
Учурда өлкө бийлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте республиканын качкындар менен иштөө потенциалын иликтеп жатканы маалымдалды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Тажикстан Афганистандан 100 миң качкынды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жетекчисинин орун басары Эмомали Иброхимзодага шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймактарындагы аскер полигондоруна 100 миңдей качкынды кабыл алып, жайгаштырса болот. Зарылдык болсо андан дагы көп кишини киргизүүгө мүмкүндүк бар. Учурда өлкө бийлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте республиканын качкындар менен иштөө потенциалын иликтеп жатат", — деди Иброхимзода.

Эске салсак, Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө.

Буга чейин Афганистанда жашаган 347 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон. Чек араны кесип өтүүдө эки наристе чарчап калган. Бир нече күндөн кийин тажик тараптын Улуттук коопсуздук кызматы Афганистандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин алар артка кайтарылганын билдирген. Качкындар Вахон уездинин Андемин аймагына төрт миң малы жана автоунаалары менен кайтышкан.

57
Белгилер:
жардам, качкын, Афганистан, Тажикстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Афганистан көйгөйү: борбор азиялыктарды азгыруу күчөп, баңгизат өндүрүшү рекорд койду
Ала-Тоо аянтында сүрөткө түшкөн кыздар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
25-июлда өлкөдө ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 40 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жекшембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ысык-Көлдө +27…+32, Нарын аймагында +28…+33 градус болот.

Синоптиктер күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +38…+40, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетерин билдиришти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июль, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык кайтып келет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты