Сом жана доллар купюралар. Иллюстративдик сүрөт

6 млрд. сом кайтарылды. Ташиев кимден канча акча өндүрүлгөнүн санап берди

177
(жаңыланган 16:10 08.07.2021)
УКМК төрагасы өткөн жылдын 10 айында болгону 100 миллион сом кайтарылганын айтып, быйыл алты айда алда канча көп өндүрүлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер бюджетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын алты айында коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелери боюнча 34 кылмыш иши козголган. Анын алкагында жогорку кызматтарда иштеген 32 адам кармалган. Алар мамлекетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталып, учурда 6 миллиард сомго чукулу кайтарылды.

"Биздин укук коргоо органдарынын тарыхында буга чейин мынчалык жыйынтык болгон эмес. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын 10 айында болгону 100 миллион сом кайтарылган, ал эми биз быйыл алты айда эле 6 миллиард сомдон ашык өндүрдүк. Буга байланыштуу өлкөдө коррупция боюнча кырдаал өзгөрдү", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кимден канча өндүрүлгөнүн санап берди:

  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Аманкулов — 50 миллион сом;
  • Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров — 20 миллион сом;
  • Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев — 20 миллион сом;
  • ИИМдин мурдагы кызматкери, бизнесмен Жалил Атамбаев — 100 миллион сом;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев — 50 миллион сом;
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов — 75 миллион сом (дагы 75 миллион сом кайтарат);
  • Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев — 70 миллион сом (дагы 44 миллион сом кайтарат);
  • Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Аймаматов — 74 миллион сом (дагы 26 миллион сом кайтарат);
  • Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов — 125 миллион сом (дагы 25 миллион сом кайтарат);
  • Бишкектин экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев — 25 миллион сом (дагы 5 миллион сом кайтарат).
177
Белгилер:
УКМК, Камчыбек Ташиев, мыйзамсыз баюу, коррупция, өндүрүү, кармоо
Тема боюнча
Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео
УКМК пара алмакчы болгон милиция кызматкерин колго түшүрдү
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Төрага Мамытов жана депутаттар Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

114
(жаңыланган 16:41 05.08.2021)
Спикер ирандык кесиптешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы октябрда шайланарын айткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов Тегеранда Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Мамытов Ирандын Ислам Кеңеши межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушкан.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле спикер чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесс тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бизде да, сиздерде да саясий процесс активдүү өнүгүп жатат, бирок муну менен катар эле соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилекке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштады. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп айткан Мамытов.

Ирандык кесиптеши анын сөзүн кубаттап, чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугурацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен дагы жолугары пландалууда.

114
Белгилер:
Иран, инаугурация, Талант Мамытов, спикер, депутат, жолугушуу
Тема боюнча
Босого 5%, аялдардын квотасын азайтуу. Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

209
(жаңыланган 14:43 05.08.2021)
Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчыны коштоп кеткен расмий делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.
209
Белгилер:
Садыр Жапаров, Түркмөнстан, министр, делегация
Тема боюнча
Жапаров Эрдоганга адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Хабиб Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды