Коррупцияга каршы кызматтын милдетин УКМКнын башка бөлүмү аткарат

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ
Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгы менен июнь айынын аягында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлган. Ташиевдин айтымында, анда иштегендер жумушсуз калган жок.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) милдетин ушул эле ведомствонун 6-башкармалыгы аткарат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Эске салсак, өлкө президентинин жарлыгы менен июнь айынын аягында аталган кызмат жоюлган. Ташиевдин айтымында, анда иштеген кызматкерлер жумушсуз калган жок.
"Алар бир эле башкармалыктын кызматкерлери эмес. Кызмат жоюлганы менен андагылар башка бөлүмдөрдө иштесе болот. Эми КККнын милдетин УКМКнын 6-башкармалыгы (Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалык) аткарып калат. Демек, мындан ары деле коррупцияга каршы иштеп, кызматтык кылмыштарды иликтей беребиз", — деди Ташиев.
Анын айтымында, аталган кызмат жарым жыл ичинде мамлекетке 6 миллиард сом кайтарып берди. Былтыркы жылдын 10 айында бул көрсөткүч 100 миллион сомго гана жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0