Токмокто "Ата-Журт Кыргызстандан" башка партиянын баары жеңишке жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы улгайган аял
Шайлоо участогундагы улгайган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Шайлоого катышкан алты партиянын бешөө утуп чыккан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо беш партия өттү. Бул тууралуу Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматында көрсөтүлгөн.
Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган.
Токмок шаарындагы алдын ала жыйынтык:
  1. "Бирге - Вместе" — 28.27 пайыз;
  2. "Эмгек" партиясы — 24.82;
  3. "Асыл мурас - жаштар" — 16.66;
  4. "Патриот ынтымагы" — 13.69;
  5. "Эл биримдиги" — 12.13;
  6. Баарына каршы — 1.73.
Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, кол менен эсептөөнүн натыйжасында БШК тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Токмок шаардык кеңешинде өткөн партияларга 28 мандат бөлүштүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0