Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүФорумдун катышчуулары. Архив
Форумдун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышына азыркылардан 12 депутат кайрадан мандат алат. Ошондой эле бир катар бизнесмендер жана башка белгилүү адамдар бар.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, алты партия жеңишке жетти. Мандат алышы мүмкүн болгон талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, учурдагы депутаттар жана жумушсуздар. Арасында бир ырчы бар.
Автоматтык эсептөөчү урнада добуштардын 99,12 пайызы саналгандан кийинки маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

"Эмгек" партиясы — 11 мандат:

  1. Балакин Сергей Борисович, 33 жашта, "ГрандЭлектроникс" ЖЧКнын директорунун өнүктүрүү боюнча орун басары;
  2. Алымбаева Элизавета Бердиевна, 55 жашта, жеке ишкер;
  3. Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович, 35 жашта, "Имарат Прогресс" курулуш компаниясынын башкы директору;
  4. Акунова Лира, 56 жашта, "Кулан-Ата Алайку" компаниясынын директору;
  5. Абдиев Бактыбек Кемелович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  6. Досалиев Эльмир Акуналыевич, 37 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  7. Кенжебаева Светлана Козубаевна, 56 жашта, жумушсуз;
  8. Долотбаков Самат Желденович, 37 жашта, жеке ишкер;
  9. Султанов Токтосун Султанович, 46 жашта, жумушсуз;
  10. Жумагулова Махабат Сагыновна, 43 жашта, жумушсуз;
  11. Чалов Ильяз Алмазович, 32 жашта, "Атиаз" ЖЧКнын башкы директору.

"Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат

  1. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  2. Токтогулов Максат Сарылбекович, 34 жашта, жумушсуз;
  3. Ашырова Айканыш Жоомартовна, 32 жашта, жумушсуз;
  4. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, 39 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  5. Досиев Эдик Шарипович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  6. Нусубалиева Мээрим Макулбековна, 37 жашта, жеке ишкер;
  7. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  8. Сыдыков Кудайберген Сагынович, 34 жашта, "Темир-Инвест" ЖЧКнын директору;
  9. Ашанбаева Өмүркан Бактыбековна, 30 жашта, Свердлов райондук жарандык актылардын абалын каттоо, паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

"Ишеним" — 8 мандат

  1. Аматов Рысбай Аматович, 46 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  2. Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  3. Идырова Рамина Рамазановна, 33 жашта, жумушсуз;
  4. Акылбеков Асылбек Акылбекович, 40 жашта, "Нарынгидроэнергострой" акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси;
  5. Тиллебаев Арнас Маматкадырович, 23 жашта, жумушсуз;
  6. Сатыбалдиева Гүлнара Терекбаевна, 61 жашта, "Альфа Көк-Жар" компаниясынын башкы директору;
  7. Нурдинов Шаукет Абдулгазисович, 52 жашта, "Лэнкфорд" ЖЧКнын башкы директору;
  8. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович, 38 жашта, "Москва үйү" маданий-ишкердик борбору" компаниясынын башкы директору;

Ынтымак" — 7 мандат

  1. Алымбеков Максат Жумакадырович, 37 жашта, Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
  2. Эргешов Казыбек Кочкорович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  3. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  4. Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  5. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич, 47 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  6. Халилова Гульназ Мажитовна, 49 жашта, "БиАСТ Кг" компаниясынын башкы директору;
  7. Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта, "Кайнар" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

"Социал-демократтар" — 5 мандат

  1. Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, партия лидеринин орун басары;
  2. Темиркулов Таалай Орунбекович, 38 жашта, жеке ишкер;
  3. Дүйшөкеева Элнура Качкыновна, 37 жашта, "Moda bella" компаниясынын директору;
  4. Абдуллажанов Султанбек Мухтарович, 31 жашта, "Баасыз Строй" ЖЧКнын директору;
  5. Сарылдык уулу Илгиз, 27 жашта, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКнын башкы директору.

"Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат

  1. Абдыллабек уулу Манас, 40 жашта, жумушсуз;
  2. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович, 39 жашта, жумушсуз;
  3. Садыкова Чолпонай Алмасбековна, 26 жашта, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  4. Карымшаков Фархад Саалиевич, 28 жашта, ЖК аппаратында эксперт;
  5. Исламов Мухамедазиз Алимжанович, 31 жашта, "Евразия инвестициялык тобу" компаниясында юрист.
Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Жалпысынан 104 693 адам добуш берди же шайлоочулардын 24.54 пайызы катышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0