Жогрку Кеңештин депутаты. Архив

Фамилиясын жаза албагандарчы? ЖК депутаты болууга жогорку билим талап кылынбайт

997
(жаңыланган 18:39 14.07.2021)
Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов "жогорку билим талап кылынбаса фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби" деп таң калды.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып Конституцияда дагы жогорку билим талап кылынбастыгын белгиледи.

Учурда парламентте шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

"Жогорку билим талап кылынбайт, анткени бул эл өкүлчүлүк кызматты аткарган орган. Ар бир саясатчы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, билими жок болсо депутаттыкка барбайт деп эсептейм", — деди Шайлдабекова.

Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов "фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби" деп таң калды.

Белгилей кетсек, мындай норма учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарда дагы бар. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинде мындайча жазылган: "Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу".

997
Белгилер:
конституция, Нуржан Шайлдабекова, депутат, диплом
Тема боюнча
Бир депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо өтөт. ЖК тууралуу сунушталган мыйзам
Кабул шаары. Архивдик сүрөт

Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди

152
(жаңыланган 23:13 24.07.2021)
Маалыматта коменданттык сааттын болгону үч — Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Афганистан бийлиги "Талибан" кыймылынын аракеттерин кармап туруу үчүн 34 провинциянын ичинен 31ине коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Телеканал Афганистан ИИМ жетекчилигине таянып кабарлаган. Маалымат булагынын айтымына караганда, талиптердин кыймылын ооздуктаганга аракет кылган бул чектөө жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дөн таңкы 04.00гө чейин киргизилген.

Маалыматта коменданттык саат болгон үч - Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

Ал арада РИА Новостинин соңку маалыматтарында, Пакистан аскерлери "Талибан" көзөмөлгө алган Афганистандын аймагы – Кандагарга киргенин айтылды.

Афганистандын RTA телекомпаниясы Кандагардын Назар деп аталган коопсуздук постунан тартылды деген видеону тараткан.

Эске салсак, бүгүн Россия лидери Владимир Путин да Өзбекстан, Казакстандын президенттери менен Афганистандагы абалдын Борбор Азияга таасирин талкуулаган.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Өткөн жылдын сентябрында Катар өлкөсүндө афгандардын сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок дээрлик он ай убакыт өтсө да тараптар жолугушуунун күн тартибин аныктай элек. Тараптар өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча орток пикирге келе албай жатышат.

152
Белгилер:
коменданттык саат, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Пакистан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Рахмон армиясын текшерип, тажик-афган чек арасына 20 миң аскер жөнөттү
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады
Россия президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архивдик сүрөт

Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады

142
Путин коңшу эки мамлекеттин президенттери менен Афганистандагы кооптуу абалдын Борбор Азияга тийгизе турган таасирин, биргелешип иш алып баруу зарылдыгын сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу Афганистандагы азыркы абалды талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Телефон менен сүйлөшүү учурунда Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Эки жетекчи орус-өзбек мамилелерин жана коронавирустун жайылып кетишине каршы күрөшүү жолдорун сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, эки президент аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинен Афганистандагы абалды талкуулаган.

Бүгүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 64 жашка чыкты.  

Ушул эле күнү Путин Касым-Жоомарт Токаев экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, афган көйгөйүн жана анын Борбор Азия мамлекеттерине тийчү таасири тууралуу кеп кылгандыгы Казакстан президентинин сайтында маалымдалды. 

"Андан сырткары эки өлкөнүн жана аймактын башка мамлекеттеринин биргелешкен иш-аракеттери региондогу социалдык-экономикалык ийгиликтүү өнүгүүнү камсыздай турганы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.   

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин кагылышуусу жүрүп жатат. Экинчи тараптагылар аталган өлкөнүн айыл жергесиндеги бир топ райондорунун аймагын басып алып, ири шаарларга тап коюшууда. Афганистандагы туруктуулук АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин аскерлерин алып чыгып кетерин билдиргенден кийин жок боло баштады.

Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко жакында РИА Новостиге берген маегинде Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деген пикирин билдирген. 

142
Белгилер:
куттуктоо, туулган күн, Шавкат Мирзиеев, Владимир Путин, Өзбекстан, Россия
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

0
(жаңыланган 10:07 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши "кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган".

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага караша тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

0
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү