Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив

Момбеков Шайлдабековага: октябрь окуясынын зыянын Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз

165
Депутат президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда октябрда толкуган жаштардын талабы эске алынбай, бай-манаптарга жол ачылып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип жатканда былтыр октябрда толкуган 20 миң адамдын кайсы талабы эске алынганын сурады.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова биринчи талабы эмнеге шайлоого катышуу үчүн партия аркылуу кириш керек, көз карандысыз, чыныгы лидерлер, татыктуу жарандар шайлоого өзүнчө катыша албастыгында болгонун айтты. Эл партиялардын монополиясына каршы чыкканын белгиледи.

Бирок Момбеков чыныгы талап башка болгонун билдирди.

"Андай эмес, ошол аянтка чыккан элдин арасында биз болгонбуз. Алар административдик жана финансылык ресурстарга каршы чыккан. Бүгүн силер ага жол ачып, 35 аймакка бөлүп койдуңар, жалаң бай-манаптарды келтирип жатпайсыңарбы кайра. Ушулбу силердин реформаңар? Октябрда өлгөн Үмүттүн арбагын ойлоп койбойсуңарбы. Кечирип коюңуз, бул мыйзам иштебейт. Октябрь окуясынын зыянын Сооронбай Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз. Анын мөөнөтү кыскарып, сиздики узарып калды. Башка эч ким пайда көргөн жок. Аянтка чыккандардын баары жаштар болгон, алар эми шайлана албайт. Базарком, банкир, олигархтар гана келет", — деди Момбеков.

Андан соң Шайлдабекова депутаттын пикирине кошуларын айтып, бирок ошол учурда саясий эрк керек болгонун белгиледи.

"Ооба, добуш сатып алуу жана административдик ресурска каршы чыгышкан. Бирок аны менен күрөшүүгө мыйзамдар эле эмес, саясий эрк дагы керек болчу. Укук коргоо органдарынын эффективдүү реакциясы, көп фактор зарыл эле. Эң башкысы, талапкерлер массалык түрдө мыйзам бузууга барбаш керек болчу", — деди БШК төрайымы.

Мындан улам Момбеков октябрда аянтка 20 миң адам чогулганда шайлоонун жыйынтыгын дароо жокко чыгарып салганда "карышкыр ток, кой аман" калмактыгын айтты.

165
Белгилер:
талап, Рыскелди Момбеков, Нуржан Шайлдабекова, шайлоо
Тема боюнча
"Золотой", олигархтар келет. Депутаттар Жапаровдун шайлоо мыйзамын сындады
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

33
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

33
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

205
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

205
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды