Депутат Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт

Иманалиев: сунушталган шайлоо мыйзамы биринчи эле саясий катастрофада курман болот

125
(жаңыланган 13:56 15.07.2021)
Депутаттын айтымында, элге үч эле нерсе керек: калыс шайлоо, добуш сатып алууга бөгөт коюу, бүт саясий күчтөрдүн келип иштеши.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстанды катастрофага кептейт. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Ал эгерим иштебей турган мыйзам долбоору демилгеленди деп эсептейт. Депутаттын айтымында, элге үч эле нерсе керек: калыс шайлоо, добуш сатып алууга бөгөт коюу, бүт саясий күчтөрдүн келип иштеши.

"10 жыл мурун Жети-Өгүздө бирөө чакан жүк ташуучу унаанын үстүнө автобусту чаптап алып эл ташыйм деген экен. Биринчи эле бурулуштан авария болуп, 14 киши кайтыш болгон. Сиз да ошондой кылып алыпсыз, бул биринчи эле саясий катастрофада курман болчу кодекс. Азыр Нарын облусунан алты-жети депутат бар. Ушул мыйзам өткөндөн кийин бир депутат болот. Сиз элдин укугун азайтып жатасыз. Сиз Кыргызстан катастрофага алып бараткан мыйзамды бизге таңуулап жатасыз. Ансыз да ар бир чатак шайлоодон кийин чыгып жатат", — деп кайрылды Иманалиев БШК төрайымына.

Ошондой эле ал бир адам эки жолу депутат болуп шайлана албай тургандай норманы киргизүү туура эмес экенин айтты. Мындайды диктатордук өлкөлөр гана оппонентин жок кылуу үчүн колдонорун белгиледи.

125
Белгилер:
Каныбек Иманалиев, шайлоо, катастрофа, мыйзам
Тема боюнча
Момбеков Шайлдабековага: октябрь окуясынын зыянын Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз
Депутат Тиллаев: бул мыйзам долбоору өтсө, өлкөдө тополоң, революция болот

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

14
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

14
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

82
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

82
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду