Бишкек башкы архитектура ишканасынын кызматкерлери. Архив

"Бишкек башкы архитектура" ишканасына жаңы жетекчи келди

57
(жаңыланган 16:22 15.07.2021)
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчилигинен жыл башынан бери эки адам четтетилди. Алардын бирине кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи болуп Канат Анарбеков дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Агенттик жетекчисине жаңы башчыны дайындоо боюнча буйругуна 13-июль күнү кол коюлган.

Эске салсак, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын буга чейин жетектеген Асхат Тулебердиевге кылмыш иши козголгон. Анын ордуна келген Марат Жороев май айынын аягында кызматтан алынган.

Анарбеков бир нече жылдан бери аталган мекемеде башчынын орун басары болуп эмгектенип келген.

57
Белгилер:
Бишкек, Бишкекбашкыархитектура, жетекчи
Тема боюнча
Мирлан Арстанбаев Австралия, Жаңы Зеландия, Филиппинге элчи болду
Аткаминер. Архив

Ошто "Биздин Кыргызстанга" мандат тиет. Партия БШКны Жогорку соттон да утту

610
(жаңыланган 18:35 30.07.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоодо жеңиши жокко чыгарылган "Биздин Кыргызстан" партиясы БШКны Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу партия лидери, ЖК депутаты Айбек Осмонов Facebook баракчасына жазды. 

Мындай чечим чыкканын Жогорку соттун маалымат кызматы дагы тастыктады.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы "Биздин Кыргызстанды" шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алууга айыптап жарыштан четтеткен. Буга нааразы болгон саясий уюм Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, утуп алган. Бирок БШК мындай чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

Осмоновдун билдиргенине караганда, бүгүн, 30-июлда, Жогорку сот БШКнын даттануусун четке кагып, Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечим даттанууга жатпайт.

Ишти судьялар Болотбек Акматов, Замирбек Базарбеков, Дилфуза Боронбаева караган. Отурумга Акматов төрагалык кылганы жазылган. Базарбеков президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп да иштейт.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Анда "Биздин Кыргызстан" 32 пайыздан ашыгыраак добуш (15 мандат) менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

610
Белгилер:
БШК, шайлоо, сот, шаардык кеңеш, Ош, 'Биздин Кыргызстан' партиясы
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиев төрага болду
Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек
АКШнын аскердик техникасы. Архив

Америкалык аскерлер Россияга жакындоо камылгасын көрүүдө

140
Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыштан улам оолактап барат. Афганистандан аскердик контингентин чыгарды. Ирактагы аскердик миссиясы аяктоодо.

Расмий өкүлдөр терроризм жеңилгенин айтышат. Бирок бул сөздөр болгону саясий көз жазгыруу гана болушу ыктымал. Америкалык жоокерлерди эми кайда жөнөтүшөт? Ирак тынч жашоо кечиреби? Ушул жана башка жагдайларды талдаган Софья Мельничук, Ксения Мельникованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Ирак Жакынкы Чыгышта Кошмо Штаттар үчүн абдан маанилүү. Бүт иш чыйырым бою биз анын иштерине тереңден аралашып келдик", — дейт Жо Байден. Анан да Ак үйдө Ирак премьер-министри Мустафа аль-Каземини кабыл алды.

2003-жылы америкалыктар аталган өлкөгө басып киргенде азыркы президент сенатор болчу. Ирактагы согуш аракеттери аяктаганы боюнча Ак үй алгач жолу 2010-жылы жар салган. Байден ал кезде вице-президент эле. Бирок төрт жыл өткөн соң Ислам мамлекетине* каршы "Кебелбес чечкиндүүлүк" операциясы башталган. Эми Жо Байден Ирактагы аскердик миссия аяктаганын расмий түрдө маалымдоодо.

"Биздин Ирактагы ролубуз эми дайым жеткиликтүү болуп, Ирак коопсуздук күчтөрүн окутуп, көмөктөшүүдө", — деп түшүндүрдү АКШ президенти. Кененирээк айтылган жок. Ал тургай Байден декабрга дейре Иракта кайсы күчтөр калары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

"Бул ошол убактагы окуяларга жараша болот", — деп тактоого аракет кылды Ак үйдүн спикери Жен Псаки.

Пентагондогулар Кошмо Штаттар "Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүнө көз жумбастан аларды чечүүнүн башка жолун табууга тийиш" экенин белгилешти. Өлкөгө бир аз аскер калтырышат. Мындан ары көңүлдүн баары "Кытай жана Россиядан "соккон" коркунучтарга бурулат".

Соңку маалыматтар боюнча, Иракта 2,5 миң америкалык аскер бар. Былтыр жыл аягында президент Дональд Трамп контингентти кыскарткан. Багдаддан түндүккө карай 160 чакырым нары жайгашкан Айн аль-Асад жалгыз америкалык базасы бар.

Тобокелдиктер токтоп калган жок

2017-жылы Ислам мамлекетин* жеңгендиги боюнча жарыяланганына карабастан азыр да терактылар токтой элек. Өткөн аптада исламчылар Багдад базарларынын биринин жанындагы автобусту жардырууга жоопкерчиликти алышты. Кеминде эле анда 30 киши набыт болгон.

Америкалыктарга Иран колдоп келген согушкерлер отряддары чабуул коюп келишет. Быйыл март айында Айн аль-Асад базасын ракеталар менен аткылашкан. Бир киши көз жумган. Базага үч айга чукул убакыт мурун жардыргыч тагылган учкучсуз кол салса, июлда ракеталар чабуул коюп, үч киши жараланган.

Мустафа аль-Каземи – Вашингтон үчүн санаалаш премьер-министр. Ал Иранга байланышкан топторду уяткарууга тырышкан. Бирок ошол эле убакта Сирия менен чек аралар боюндагы иранчыл түзүмдөргө урулган америкалык авиациянын соккусун Ирактын суверенитетин бузуу деп сындаган.

Өз кезегинде АКШда өлкөнүн калыптанышында премьердин ийгиликтерин белгилешкен. Июнь айында Багдадга иорданиялык Абдулла II жана Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси келип кетти. Бул киши – 1990-жылдан бери аталган өлкөгө келген биринчи египеттик лидер.

Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасынын алкагында Иракка Pfizer вакцинасынан 500 миң ченем берүүгө да милдеттенме алган. Байден препарат жакынкы жумаларда жеткирилерин билдирген.

Чөлкөмдө илдет илештиргендердин саны артып, ооруканаларды жалын чалмаган учурлар да көбөйдү. Булардан сырткары, Вашингтон парламенттик шайлоого байкоо салуу боюнча БУУнун миссиясына 5,2 миллион доллар бөлмөкчү. Мындай саясий иш-чара улам жылып отуруп, эми быйыл октябрга белгиленген. Эксперттердин пикиринде, шайлоодо азыркы премьер-министр аль-Каземинин мүмкүнчүлүгү дурус эле.

"Саясий көз жазгыруу"

Анткен менен АКШнын Ирактан толук чыгарылышы туурасында кеп жок экенин белгилешет серепчилер. Вашингтон бул маанилүү стратегиялык аянтча үчүн көпкө күрөшүп келгенин айтат саясат таануучу, Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин эксперти Елена Супонина. Анын оюнда, күчтөрдүн чыгарылышы тууралуу билдирүү "саясий көз жазгыруу". Себеби америкалык шайлоочуларга берилген убадаларды аткаруу абзел.

Ирак коомчулугунун пикири да маанилүү. "Жергиликтүү саясатчылар Мустафа аль-Каземини кысмакка алып келишет. Өлкөдөгү саясий кырдаал жөнөкөй эмес, премьердин орду анчалык бекем эмес", — дейт ал.

"Жети жыл мурун Кошмо Штаттар Иракка кайткан убакта терроризмге жарыяланган согуш реалдуулук болчу. Америкалыктар ИМди* жеңүүдө негизги ролду ойногон. Албетте, алар колдонгон ыкмалар боюнча суроо көп. Маселен, Мосул шаары дээрлик толук талкаланып калды" – деп эске салат чыгыш таануучу жана публицист Андрей Онтиков.

Азыр Ирак бийлиги өзү америкалыктарды чыгып кетүүнү өтүндү. "Дональд Трамп Ирактагы базага учуп келгенде АКШ элчиси аз жерден ирактык премьерге ал жакка барып, президентке кезигүүнү буюргандай эле болгон. Ал баш тартат. Ошол окуя маалымат каражаттарына чыгып, чоң жаңжал болгон, — дейт А.Онтиков. — Ошондон кийин америкалыктар Багдад аэропортуна сокку уруп, Сулейманини өлтүрүшкөн. Америкалык күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө кайрадан айтыла баштаган".

Ошентсе да АКШнын аскер кызматкерлери дароо үйгө кайтары арсар экенин боолголойт Чыгыш таануу боюнча изилдөө борборунун илимий кызматкери Данила Крылов.

"Болду-болбоду адаттагыдай эле бир араб өлкөсүнөн экинчисине, бул учурда Сирияга басым жасалат. Россиянын коргоо министри америкалык аскер кызматкерлери Ирактан Сирияга келип турушканын бир нече ирет кабарлашкан", — деп болжойт эксперт.

Ирактагы штабдарды, топтолгон чалгын маалыматтарын аскердик блоктон дипломатиялык блокко которулары толук ыктымал.

"Америкалыктар дипломатиялык иммунитетти чалгындоо жана башка атайын кызматтар үчүн пайдаланары эбак эле белгилүү", — деп кошумчалайт Крылов.

Кытайга бурулган көңүл

Америкалыктардын көпчүлүгү бөлөк чөлкөмдөргө көңүл бөлбөстөн терроризм менен күрөшкөнчө Ыраакы Чыгышта Кытай күчтөнүп алды деген ойдо. Эми бул – АКШ үчүн негизги кооптуулук, күчтөрдүн баарын ага бурууга туура келет. Бир топ убакыттан тарта Борбордук эмес, Тынч океандык аскердик командачылыкка артыкчылык берилет.

Кытай менен улуу державалык тирештин жаңы доорунун логикасы АКШнын максаттарын кайра баштан карап, кайда кандай басым жасарына акыл калчоого мажбур кыларын белгилейт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун алдындагы Перспективдүү америкалык изилдөөлөр борборунун директору Максим Сучков.

"Тиреш узакка созулушу мүмкүн, андыктан ресурстарды пайдаланууда ылгоого аргасыз кылат. Жакынкы Чыгыш Вашингтонду көптөн бери опкоолжутуп келген, бирок Обама менен Трамптын ал жакта аскердик жайгашууну оптималдаштыруу аракеттерине Пентагон каршы чыккан", — дейт ал.

Жыйынтыгы анчалык ийгиликтүү экени күмөн. Америкалыктар Иракта өз алдынча коргонууга жөндөмдүү тутумду түзө алышкан жок. Алардын өлкөдөн жыйналып чыгышы менен эле террордук кооптуулук жок болуп кетпейт. Жаңы шарттарда америкалык инструкторлор жана кеңешчилер кантип иштей турганын убакыт көрсөтөт.

*Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдар.

140
Белгилер:
Россия, Америка, Пентагон, Ирак, терроризм
Тема боюнча
Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео