Аткаминерлер. Архив

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси чыкты. Аты-жөнү

1519
(жаңыланган 22:31 19.07.2021)
Шаардык кеңешке жалпы 45 орун берилип, ал алты партияга бөлүштүрүлдү. Шайлоо кайрадан үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосунун жыйынтыгын чыгарды. Шайлодо ат салышкан 18 партиянын алтоо жеңип чыгып, 45 мандат бөлүштүрүлгөн.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын жана депутаттардын тизмеси:

"Эмгек партиясы":

  1. Досалиев Эльмир Акуналыевич (кайрадан шайланды);
  2. Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович (кайрадан шайланды);
  3. Алымбаева Елизавета Бердиевна;
  4. Ашимов Айбек Майрамбекович;
  5. Абдиев Бактыбек Кемелович (кайрадан шайланды);
  6. Лира Акунова;
  7. Султанов Токтосун Султанович;
  8. Шаршенбай уулу Руслан;
  9. Кенжебаева Светлана Козубаевна;
  10. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич (кайрадан шайланды);
  11. Чалов Ильяз Алмазович.

"Ата-Журт Кыргызстан":

  1. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович (кайрадан шайланды);
  2. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович (кайрадан шайланды);
  3. Нусубалиева Мээрим Макулбековна;
  4. Жакыпов Таалайбек Маматович;
  5. Досиев Эдик Шарипович (кайрадан шайланды);
  6. Ашырова Айканыш Жоомартовна;
  7. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич (кайрадан шайланды);
  8. Токтогулов Максат Сарылбекович;
  9. Ашанбаева Омуркан Бактыбековна.

"Ишеним":

  1. Аматов Рысбай Аматович (кайрадан шайланды);
  2. Исмаилов Сайдахмат Аблезович (кайрадан шайланды);
  3. Идырова Рамина Рамазановна;
  4. Тиллебаев Арнас Маматкадырович;
  5. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович;
  6. Чеченова Мадина Жамаловна;
  7. Акылбеков Асылбек Акылбекович (кайрадан шайланды);
  8. Усеналиев Бекжан Бактыбекович.

"Ынтымак":

  1. Алымбеков Максат Жумакадырович;
  2. Эргешов Казыбек Кочкорович (кайрадан шайланды);
  3. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна (кайрадан шайланды);
  4. Калыков Мийзамидин Абдырахманович (кайрадан шайланды);
  5. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич (кайрадан шайланды);
  6. Халилова Гульназ Мажитовна;
  7. Сариев Улан Алмасбекович.

"Өнүгүү-Прогресс":

  1. Абдыллабек уулу Манас;
  2. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович;
  3. Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна;
  4. Попиков Олег Владимирович;
  5. Асанбеков Жаныбек Асанбекович.

"Социал-демократ":

  1. Атамбаев Кадырбек Алмазбекович;
  2. Темиркулов Таалай Орунбекович;
  3. Дүйшекеева Элнура Качкыновна;
  4. Абдуллажанов Султанбек Мухтарович;
  5. Илгиз Сарылдык уулу.
1519
Белгилер:
тизме, депутат, Бишкек шаардык кеңеши
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (58)
Тема боюнча
Мэр, ветеринар, жумушсуз. Токмок шаарында мандатка жеткендердин тизмеси
Депутаттар Бишкектеги ресторанда

Бүгүн төрага депутаттарга чай берип жатат. Ресторандан тартылган видео

1004
(жаңыланган 22:29 29.07.2021)
Быйылкы сессиянын жыйынтыкталганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери сый тамак уюштурганы маалым болду.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат.

ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду.

  • Один из бишкекских ресторанов, где проходит банкет депутатов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Автомобили депутатов в одном из бишкекских ресторанов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 2
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат

Кабарчы жиберген кадрдан ресторандын алдына жолтандабастар толуп, депутаттар ичине кирип жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, каникулга тараган.

Мындан эки күн мурда депутаттарды президент Садыр Жапаров да сый тамакка чакырган эле.

1004
Белгилер:
сый тамак, спикер, депутат
Тема боюнча
Качып, жалтактап... Жапаровдун сый тамагына бараткан депутаттардын видеосу
ЖК депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады
Бишкектеги Жогорку Кеңештин имараты. Архив

ЖК депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады

34
(жаңыланган 22:05 29.07.2021)
Эс алуу 1-сентябрга чейин уланат. Эл өкүлдөрү төраганын чакыруусу менен 5-июлдан бери кезексиз жыйында отурушкан.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады.

Эс алуу 1-сентябрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, регламент боюнча парламентарийлер июнь айынын аягында каникулга тараган. Бирок төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, бир айлык мөөнөткө кезексиз жыйынга чакырган.

34
Белгилер:
депутат, каникул, кезексиз жыйын, парламент
Тема боюнча
Качып, жалтактап... Жапаровдун сый тамагына бараткан депутаттардын видеосу
Каникулда жүрүп 200-300 миң сом акча алышат. Депутаттар тууралуу пост
Такси. Архив

Бишкекке жакын жерде жүргүнчүлөр таксистке кол салып, ал бычак менен коргонгон

0
(жаңыланган 22:13 29.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, эки жүргүнчү 58 жаштагы таксистке кол салган. Кийинчерээк шектүү катары 19 жана 29 жаштагы кишилер кармалган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар таксистке кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 58 жаштагы К.А. аттуу адам кайрылып, такси кызматында иштерин айткан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 27-июлда ал "Ош" базарынан кардар салып, жүргүнчүлөр ГЭС-5 районуна жеткирүүнү суранышкан. Болжол менен саат 21:00дө такси көрсөтүлгөн жерге жеткенде автоунаанын артында отурган кардар таксистке кол салып, муунткан. Экинчиси автоунаанын ачкычы менен телефонун тартып алган. Бирок таксист автоунаасындагы бычакты алып, аны менен коргонуп, каракчылардын колунан бошонгон. Андан соң шектүүлөр качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп, эки адамды колго түшүргөнү маалым болду. Алар 19 жаштагы Ш.Ж. жана 29 жаштагы Б.Н. аттуу кишилер болуп чыккан.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кармалгандардын бул ишке тиешеси бар-жогун текшерип жатканы айтылды. Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

0
Белгилер:
милиция, бычак, кол салуу, таксист
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео