Костюмчан кишилер. Архивдик сүрөт

Акимдердин президенттикиндей эле кол тийбестиги болот. Мыйзам долбоор

1484
(жаңыланган 18:00 21.07.2021)
Мамлекет башчы эки мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, акимдердин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, кол тийбестик берилет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров райондук акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү сунуштап жатат.

Мамлекет башчынын сайтына эки мыйзам долбоор жарыяланды. Алар: "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу" жана "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик". Долбоорлордун биринчи окуусу 22-июлга белгиленген.

Кол тийбес аким

Биринчи мыйзам долбоордо жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине (аким) тийиштүү сунуштар берилген:

  • Аким кызматка президент тарабынан бекитилип, иштен алынат;
  • Акимдин орду саясий кызмат болуп эсептелет. Аким тийиштүү аймактагы башкы мамлекеттик кызматкер болуп саналат;
  • Акимдин кол тийбестиги болот. Буга байланыштуу кармалбайт, камалбайт, тинтүүгө алынбайт же текшерилбейт. Бирок кылмыш жасап жаткан жеринен кармалышы мүмкүн. Аким президенттин уруксаты менен жана башкы прокурордун сунуштамасы менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат;
  • Акимдин ыйгарым укуктары аяктап, кызматынан кеткенден кийин кызматта турган кезде кылмыш жасаган болсо дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Башка адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн каралган мыйзамдарды эске албаганда акимди жеке текшерүүгө алууга болбойт.

Мэр менен айыл өкмөттөрдү шайлоо боюнча жаңы сунуштар:

  • Экинчи мыйзам долбоордо мэрликке жана айыл башкармалыктарына талапкерлерди сунуштоо шарттары каралган. Нормалар абдан эле окшош:
  • Мэр/айыл өкмөт башчысы жергиликтүү кеңештин макулдугу менен аким тарабынан дайындалат;
  • Жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу үчүн бир талапкер сунушталат. Депутаттар беш күндүн ичинде карап чыгып, жактыруу же жактырбоо чечимин чыгарышы керек;
  • Эгер көрсөтүлгөн убакыт аралыгында талапкерлиги каралбай калса, ал кызматка жактырылды деп эсептелет;
  • Эгер көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жергиликтүү кеңеш талапкерди жактырбай койсо, аким мэрди/айыл өкмөт башчысын өз алдынча дайындайт;
  • Мэрдин кызматтагы мөөнөтү жергиликтүү кеңештин мөөнөтүнөн же акимдин алмашуусунан көз каранды эмес.
1484
Белгилер:
жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, аким, долбоор, мыйзам, Садыр Жапаров, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров сунуштаган мыйзам өтпөсө, депутаттардын мөөнөтү 6 айга узарышы мүмкүн
Бишкек менен Оштун шаардык кеңеши мэрликке талапкер көрсөтө албайт. Долбоор
Экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов. Архив

Чет өлкөдөн дарыланат. Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

117
(жаңыланган 18:40 27.07.2021)
Сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.

"Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

117
Белгилер:
кылмыш, коррупция, кен, Кумтөр, Өмүрбек Бабанов
Тема:
Өмүрбек Бабановдун камалышы
Тема боюнча
Сот Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартты. Видео 
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

206
(жаңыланган 17:44 27.07.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

206
Белгилер:
тамак, депутат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды 
Медициналык кызматкерлер лабораторияда. Архив

Министрлик AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын бир сыноону кубаттады

0
Сыноо иштерине 150 адам катышмакчы. Адистер жалпы бул долбоорду 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын сынап, изилдөө иштерин бирге жүргүзүүнү кубаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

COVID-19 инфекциясын алдын алып, профилактика жасоо максатында "гетерологиялык прайм-буст" схемасы менен сайылчу AZD1222 жана rAd26-S препараттарынын иммунногендик айкалышуусун, коопсуздугун аныктоо үчүн I/II фазаларда изилдөөлөр жасалары айтылган.

Жогорку маалыматтар клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча уруксат бере турган реестрде белгиленген.

Жасала турган тестке 150 адам катышмакчы. Аны 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

Гамалея борбору, AstraZeneca, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд жана "Р-Фарм" компаниясы 2020-жылдын 21-декабрында өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Документ "Спутник V" жана AZD1222 (АstraZeneca жана Оксфорд университети биргелешип иштеп чыккан) препаратынын компоненттеринин бирин бириктирилген баа берүү үчүн клиникалык изилдөөлөрдү жасоо жана иштеп чыгуу үчүн кызматташууну шарттайт.

0
Белгилер:
вакцина, сыноо, 'Спутник Лайт' вакцинасы, AstraZeneca, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Эртең Бишкекке Казакстандын QazVac вакцинасы жеткирилет
Окумуштуулар: тамакты тоё жебеген адамдар COVID-19дун оор түрүнө чалдыгат