Сыйлыгы болсо камалбайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө каралган кепилдиктер

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз Республикасынын өкмөт үйүн имараты. Архив
Кыргыз Республикасынын өкмөт үйүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Президент "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгеледи. Мурдагы "Өкмөт жөнүндө" мыйзамга салыштырмалуу министрлерге артыкчылык көп каралган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда аткаруу бийлигиндеги жетекчилерге бир топ артыкчылыктар каралган. Маселен, мамлекеттик сыйлыгы болсо камакка алынышы мүмкүн эмес. Мыйзам долбоорунун биринчи окууга киргизилиши, эртенкиге, 22-июлга пландалган.

Жапаров демилге кылган "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ишинин негизги принциптери, белгиленген чектөөлөр, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ишинин кепилдиктери туурасында айтылган.

Аталган мыйзам долбоорундагы 9-берене — Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери төмөнкүчө жазылган:

  • Министрлер кабинетинин мүчөсү башкарган органдын ишин уюштургандыгы, ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылгандыгы үчүн, өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан ой-пикирлери же министрлер кабинети кабыл алган чечимдер үчүн куугунтукталбашы керек.
  • Министрлер кабинетинин мүчөсүн (министр – ред.) башка негиздер боюнча жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн президенттин макулдугу керек.
  • Министрдин сыйлыгы болсо камакка алынышы мүмкүн эмес, буга тергөө өткөрүүнүн (сотко чейинки өндүрүштүн) жүрүшүндөгү үй камагы кирбейт.
  • Министрлер кабинетинин (МК) мүчөсү өзүнүн кызматтык ишинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акчалай сый акы алат жана тизмеси МК белгилеген социалдык пакет менен камсыз кылынат. Социалдык пакетке министрди медициналык камсыздандыруу милдеттүү түрдө кирет.
  • Министр МК белгилеген учурларда жана шарттарда кызматтык турак жай алуу укугуна ээ. Кызматтык турак жай менчиктештирилбейт. Аткаминер кызматтык үйүн кызматтан кеткен күндөн баштап бир айдын ичинде бошотот.
  • Мамлекеттик орган жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, ошондой эле министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүнөн улам кызматынан бошотулган аткаминер бир орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат.
  • Эгерде министр министрлер кабинетинин жаңы курамынын мүчөсү же болбосо административдик ведомствонун жетекчиси болуп дайындалса же башка ишке өтсө, ага компенсация төлөнүп берилбейт.
  • Кызматтык ишин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу жаралса министрлер кабинетинин мүчөсү мамлекеттик коргоо менен камсыздалат. Зарыл болгондо коопсуздук чаралары аткаминердин жубайына жана жакын бир туугандарына карата колдонулушу мүмкүн.
  • Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби министрлер кабинетинин чечими менен белгиленет.
  • Ушул берененин 1-5-бөлүктөрүндө каралган кепилдиктер аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине, министрлердин орун басарлары жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларына карата да колдонулат.

Мурдагы нормалар

Көп нормалар мурдагы мыйзамда бар. Мисалы, биринчиси такыр башкача айтылат жана мамлекеттик сыйлыктан улам каралган артыкчылыктар жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн президенттин уруксаты талап кылынган эмес. Анткен менен өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жазага тартуу каралган.

"Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. Бул кепилдик өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт", - деп жазылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө мыйзамда.

Сунушталган кепилдиктер министрлердин орун басарларына да тиешелүү экендигин азыркы мыйзамда айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0