Исхак Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, абактан чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Исхак Пирматов. Архив
Депутат Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Башкы прокуратура башкармалыгынын ага прокурору Пирматов менен келишим түзгөн. Ага ылайык, экс-депутат тергөө менен кызматташат.

БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Ал эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылды.

"Шектүү Пирматов өлкөдөн жана туруктуу же убактылуу жашаган жеринен тергөөчү менен соттун уруксаты жок кетпөө боюнча тил кат жазып берди. Ал ошондой эле ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоого жана чакырган маалда келип турууга милдеттендирилди", — дешти соттон.

Башкы прокуратура башкармалыгынын ага прокурору Пирматов менен келишим түзгөн. Ага ылайык, экс-депутат тергөө менен кызматташат.

Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда кармалган. Ал эми 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Саясатчы Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0