Оштун мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов министрге орун басар болду

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловОштун мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов. Архив
Оштун мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынганы белгиленди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жарасул Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

"Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынды. Мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген", — дешти өкмөттөн.

Абдураимов буга чейин Ош облусун жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0