ЖК Баткенге өзгөчө макам берүү мыйзам долбоорун жактырды

© Sputnik / Эмиль СадыровЦентр Баткена
Центр Баткена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда "Баткен облусунун статусу тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Ошондой эле бүгүн, 22-июлда, ЖК отурумунда докладчылардын бири, депутут Таабалды Тиллаев экинчи окууда министрлер кабинети депутаттардын каржылоо булактарынын жетишсиздиги тууралуу эскертүүсүн эске алгандыгын, эми мыйзамдын аткарылышына жыл сайын 500 миллион сом караларын билдирген.

"Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарын айтып, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу системасын бекемдөө жана инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат Жогорку Кеңештин сайтында.

Андан кийин документтер экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти
Эске салсак, мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Баткенге өзгөчө макам берүүнүн артыкчылыгында каралгандар:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктарын күчтөндүрүү. Анын ичинде өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу, бөлүштүрүү укугу. Ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин, укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн биргеликте иштөөсүн координациялоо.

Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

  • өнүктүрүү программасын мониторинг кылып, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңеш түзүү;
  • жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимди киргизүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0