Страсбург шаарындагы Европа соттун имараты. Архив

Контрчабуул. Россия Европа сотуна доо арыз менен кайрылды

143
(жаңыланган 22:34 23.07.2021)
Башкы прокуратура Украинадан Крым блокадасын, улуттук азчылыктын укугун чектөөнү, орус тилдүү каналдардын иштөөсүнө тыюу салууну жана орус тилдүү басылмалар менен интернет-платформалардын жеткиликтүүлүгүн чектөөнү токтотууну талап кылууда.

Россиянын Башкы прокуратурасы 22-июль күнү тарыхында биринчи жолу Европанын адам укугу боюнча сотуна (ЕАУС) мамлекеттер аралык арыз менен кайрылды. Анда Украинага адам укугун коргоо боюнча Европа кеңешинин конвенциясын бузганы айтылып, 10 доо коюлган. Тышкы саясат магистри, укук таануучу Ольга Сухаревская ЕАУС Россиянын арызы адилеттүү каралуучу жер эмес деп эсептейт. Эксперттин бул аракеттин максаты эмне, документтин келечеги кандай деген суроолорго жообун төмөндөгү макаладан окууга болот.

Кабыргасынан коюлган маселе

ЕАУСка мамлекеттер аралык доо арыз менен кайрылуу тажрыйбасы азырынча жаңылык. Аталган сот адам укугу бузулган өлкөлөрдүн жарандарынын кайрылуусун териштирүүгө басым жасайт. Ошентсе да Европа соту 24 мамлекеттер аралык арызды караган. Россия да Украинага даттанып, аталган сотко кайрылуусу дал ушундан болсо керек.

Доо арызда Украинанын 2014-жылы бийликтин күч менен алмашуусунан кийинки адам укугун бузганы тууралуу айтылат. Анда негизинен:

  • карапайым калктын кырылышы, Майданда, Одесса менен Донбасста адамдарды мыйзамсыз эркинен ажыратуу, катаал мамиле жасоо;
  • Россияга чектеш жердеги аткылооодон адамдардын өлүмү;
  • сөз эркиндигин басуу;
  • орус тилдүү калкты дискриминациялоо;
  • Донбасс тургундарын добуш берүү укугунан ажыратуу бар.

Андан тышкары, Киев Крымды суу блокадасына тушуктурган деп айыпталып жатат. Мындан жарым аралдын экономикасына 1,4 триллион рубль зыян келтирилген.

Башкы прокуратура Украинадан Крым блокадасын, улуттук азчылыктын укугун чектөөнү, орус тилдүү каналдардын иштөөсүнө тыюу салууну жана орус тилдүү басылмалар менен интернет-платформалардын жеткиликтүүлүгүн чектөөнү токтотууну талап кылууда.

Күтүлгөндөй эле жазаланбай көнгөн Украина Россиянын доосун мыскылдап кабыл алды. Өлкө ТИМинин башчысы Дмитрий Кулеба: "Европа сотунун ишине кийлигишпей туруп эле бул доо арыздын канааттандырылышына эч кандай жол жок экенин ишенимдүү айта алам. Сотко Россия пропагандалоо максатында кайрылып жатат. Маалыматтык чуудан жана бекерге кеткен убакыттан башка пайда жок", - деди.

Дипломаттын ордунда мынчалык ооз көптүрбөйт элем.

Буга Грузиянын Россияга каршы жолдогон доо арызы мисал. Европа соту 12 жылдык кароодон кийин "2008-жылдын 8-12-августунда Грузия армиясынын тынчтык орнотуучу контингент менен жергиликтүү калкка жасаган чабуулун кайтарууда Россия Федерациясына Адам укугун коргоо тууралуу конвенциясы боюнча жоопкерчилик жүктөлбөйт" деген тыянак чыгарып берген. Мындан тышкары, Европа соту Грузиянын россиялык күчтөр 2008-жылы 7-августта Түштүк Осетияга кирип барган деген айыптоосун четке каккан.

Мунун баары эл аралык сот инстанциялары эч убакта бир тараптуу чечим чыгарбай турганын көрсөттү. Украина мындай абалга Румыния менен Змеиный аралы боюнча талашта кабылган. Бирок Украина ТИМи тарыхтан сабак албайт шекилдүү.

РФ Башкы прокуратурасынын арызын Украинанын 9 доосуна жана ПАСЕнин бир тараптуу резолюциясына жооп катары кабыл алсак болот. ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, "каржыланып, өздөрүн акыйкаттыктын акыркы инстанциясы атаган бул структуралар эми жөнөтүлгөн материалдын көлөмүн көрбөй-сезбей көрүшсүн".

Башкача айтканда, Европа кеңешинин сот органы Россиядан доо арыз алган соң Украинадагы адам укугунун бузулган учурларын фантазия эмес анык документтердин негизинде дыкат иликтөөгө мажбур болот. ЕАУСтин эл аралык кадыр-баркы да эми ишти кандай караарынан көз каранды болуп калмакчы.

Киевдин кылмыштары каттоого алынды

Россия Украинага адам укугу боюнча нааразы болгон жалгыз мамлекет эмес. Күчтөп украинизациялоо жана улуттук азчылык менен орус тилдүү калкты ассимиляциялоо көңүл сыртында калган жок. Акыркы жылдары Украинада башталгыч, орто жана жогорку билимди өз тилинде алууга тыюу салган билим берүү тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бул эбак эле Румыния, Венгрия, Польшанын нааразычылыгын жаратып, ПАСЕ резолюциясында да белгиленген. Ассамблеянын пикиринде, аталган мыйзамдын артында "өз тилинде окуу боюнча улуттук азчылыктын укугун кыскартуу" жатат. ПАСЕ украин бийлигине аталган маселени кайрадан карап чыгууга кеңеш берген.

Киев ПАСЕнин бир да сунушун эске алган жок. Тескерисинче, "Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштеши" тууралуу дискриминациялык мыйзам нормалары кабыл алынып, анда айыпка жыгуу жана кылмыш ишин козгоо опузасы менен уюм, саясий партия, менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалардын кызматкерлерин жалаң гана украин тилинде сүйлөөгө милдеттендирүү каралган.

Өз тилинде сүйлөөгө тыюу салган норма жакында эле Украинанын Конституциялык соту тарабынан баш мыйзамга туура келет деп таанылды. Буга кошумча, "түпкү элдер тууралуу" мыйзам кабыл алынып, Украинадан тыш өз мамлекети бар элдерди укуктук талаадан "сүрүп" чыгарып салды.

Украинадагы адам укугу боюнча абал тууралуу акыркы баяндамада (2021-жылдын 1-февралынан 30-апрелге чейин) жарандарды Украина аймагында пенсия, социалдык кызмат, билим алуу, иштөө жана саламаттык сактоо жаатында тейленүүсүнө тыюу салуу, СБУнун жашыруун түрмөлөрүнүн иштеши, Одесса, Майданда болгон кылмыштарды жана саясий максатта киши өлтүрүүлөрдү иликтөөнүн бир орунда турушу сыяктуу мыйзам бузууларды каттаган. БУУ дагы Раданы "улуттук азчылыктын укугун коргоо боюнча мыйзам иштеп чыгууга" үндөп келет.

Кызыгы, Киев "Донбасс улутундагы жактарды" атайылап дискриминацияга тушуктуруп жатканын мыйзам чегинде таанып келет. Мындан улам Россия тараптын дооматын эске албаганда да доо арызды эл аралык уюмдардын деңгээлинде кароого негиз жетиштүү.

Келечеги барбы?

Россия бир катар айыптоолорду далилдеп бере алса керек. Мисалы, күчтөп ассимилияциялоо жана улуттук азчылыктын укугунун бузулушу бир катар эл аралык структуралар тарабынан да аныкталды. Эл аралык резолюциялардын талабында камтылган Донбасс тургундарынын шайлоо укугунан ажыратылышы да күмөн санатпайт.

Ал эми Донбасстагы кырдаал, Крымдын суу блокадасы, Майдан, Одесса, Мариуполдо карапайым калктын өлтүрүлгөнүн далилдөө кыйын болуп калчудай. Мында кеп Батышка таандык эл аралык структуралардын Крым менен Донбассты Украинанын жери деп, ал эми Россиянын аракеттерин "оккупация жана аннексия" деп тааныганында эмес. ЕАУСтин негизи эле тынчтык жана согуш, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана башка аскердик жаңжал багытындагы эл аралык укук боюнча маселелерди чечүүгө укугу жок. Бул Эл аралык кылмыш сотунун компетенциясына көбүрөөк тиешелүү.

БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгы Украина жаңжалы эл аралык мүнөзгө ээ эмес деген жыйынтык чыгарган. Бул багыттан алып караганда Донбасс менен Крым жашоочуларынын доо арызынын келечеги бардай.

Процесс узакка созулчудай болуп турат, анткени ЕАУС Украинанын кызыкчылыгына каршы келген чечимдерден оолак болууга аракет кылат. Бирок териштирүү учурунда Украина бийлигинин бир катар кылмышын ачыктап, Европадагы сот адилеттүүлүгүнө баа берүүгө болот. Бул акыйкаттык издеген Европа тургундары үчүн маанилүү аргумент болуп бермекчи.

143
Белгилер:
Европа, сот, Россия, Украина, бийлик, кылмыш, адам укугу, Донбасс, Крым, арал, саясат
Тема боюнча
Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон. Архив

Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?

100
(жаңыланган 22:52 27.10.2021)
"Америкалык кыялдын" кыйрашынын ачык мисалы болгон Афганистан коопсуздуктун болжоп болгус коркунучтары менен Батышты чочулатып келет. Лондон маңызында планетадагы согуштук аракеттер жүргөн аймактардын көзөмөлүн колдон чыгарган Вашингтондун бушаймандыгын чагылдыргандай.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон 25-октябрда Афганистандагы абалды талкуулашты. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул талкуунун жана көйгөйлүү бул республиканын учурдагы жагдайына баам салган.

Путин "москвалык форматтагы" талибдер менен жакындагы эле консультациялар (Россия, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн) жөнүндө кабарлады. Ал эми Жонсон "Талибандын"* болжолдуу таанылышы боюнча санааркаганын жашырган жок. Дал ушул баарлашууда 20 жылдык аскердик операциялардан кийин жеңилгенин моюнга алгысы келбеген Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы бар экени ачык байкалып турду.

Афганистандын суверенитетин эч шартсыз сыйлаган күндө да анын жаңы өкмөтүнүн эл аралык таанылышына дагы эртелик кылат. Андан мурун Владимир Путин "Талибанды"* террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу Бириккен Улуттар Уюмдарынын деңгээлинде чечилиши кажет, бул үчүн талибдер "өлкөдөгү этникалык жана диний топтор, саясий жана коомдук уюмдардын бардыгы менен өз ара мамиле түзүүгө тийиш" экенин белгилеген. Тилекке каршы, Афганистан сексендин тегерегиндеги улут жана элдин тынчтыгын камсыздоого чамасы жетпей, террорчулуктан да кутула элек. Убактылуу өкмөт "Ислам мамлекети"* тарабынан жаңырып турган экономикалык чакырык жана коопсуздук коркунучтарына туруштук бере албай жатат.

24-октябрда Тажикстандын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо соңку айлардагы окуялар Афганистандагы аскердик-саясий жагдайды бүлгүнгө учуратып, аргасыз абалга кептегенин билдирди. Эң кейиштүүсү, анын бул айткандары чындык.

Афганистан иш жүзүндө талибдер тескеген жана башка террордук топтор, ошондой эле кенже Масуддун жетекчилигиндеги Каршылык көрсөтүү фронту көзөмөлдөгөн аймактарга бөлүнүп калды. Аталган өлкөдөн согушкерлердин Борбор Азия мамлекеттерин басып кирүү коркунучу дале күч. Жамааттык коопсуздук келишими уюму Афганистан менен чектешкен Тажикстан жана Өзбекстандын территориясында алты мамлекеттин аскерлеринин катышуусундагы атайын машыгууларды тегин жерден өткөрүп жаткан жок.

Коопсуздук алкагы

"Москва форматындагы" жолугушууда талибдер Афганистандын бардык аймагын көзөмөлдөп жатканын айтышкан. Анткен менен чет өлкөлүк өнөктөштөрүн жана контрагенттерди жаңы бийликтин башкарууга жарамдуулугу жана натыйжалуу экенине ишендирүү аракети анчалык ынандырарлык эмес. Талибдер өлкөнүн жай жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай, ал түгүл өздөрүн да коргой албай жатышат. Ар кайсы провинцияларда чек араларды тааныгысы жок "Ислам мамлекетинин"* отряддары уюштурган терактылар, ок атышуулардын токтой турган түрү жок.

Куралчан талибдер 26-октябрда Кабулдагы авиакассанын тегерегиндеги топтошкон элди ок атып таратты, жарадар болгондор жок эмес. Айрыкча аялдар көп жабыркады, бул тууралуу кепке дагы кайрылабыз.

Өткөн аптада Ислам мамлекети* уюмунун согушкерлери Желалабадда талибдердин автомобилдерине чабуул жасашты. Кабул жана башка провинцияларды жарыксыз калтыруу үчүн электр өткөргүч чубалгыларын жардырышты. Бийликти кулатуу үчүн террордун ушундай ыкмасына кезегинде талибдер өздөрү да барышканы маалым.

"Вилаят Хорасан"* да бийлик жана таасир үчүн күрөшүүгө даяр. Өткөн жекшембиде Гераттагы талибдер менен ИМ* согушкерлеринин ортосундагы атышууда 17 киши окко учуп, арасында аялдар жана жаш балдар да набыт болду.

Баса, ошол күнү ИМ* кара желеги Урузган провинциясында көтөрүлдү. Жергиликтүү калкка 30 миң афгани (340 доллар, бул сумма аталган өлкөдө учурда бир топ акча) сунуштап, аталган уюмга кирүүгө үндөштү. Afghanistan.ru маалымат ресурсуна таянсак, Гератта "Ислам мамлекетине"* Абдул Манан Ниязи молдону жактаган талибдердин жоон тобу кошулуп кетти.

Өлкөдөгү абал бардык жактан начарлоодо. Ал тургай сабырдуу деп сыпатталган Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Дохада 25-октябрда өткөн жолугушууда талибдерди ачык башкарууга, аялдар жана балдардын мыйзамдуу укуктарын коргоого, этникалык топтордун бардыгынын башын бириктирүүгө чакырды. Кулак сыртынан кетиришкендей талибдер эртеси эле күнү Кабулдагы аялдардын нааразычылык акциясын кууп таратты.

"Талибандын"* расмий өкүлү Забихулла Мужахидо: "Аялдар шарият алкагында жашашат", - деп так кесе сүйлөгөнү бар. Шарияттын укук өңүтү Афганистандын 40 миллиондук калкынын ишеним жана тандоосуна татыбаган молдолордун бир ууч тобунун колунда.

Коңшу мамлекеттеги кыйсыпыр түшкөн кырдаалдан улам тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Махмадтоир Зокирзода ЖККУдагы өнөктөштөрүн коопсуздуктун бекем алкагын түзүүгө үндөгөн. Бул демилгеге жооп катары Россия дароо аталган республикадагы өзүнүн аскердик базасын заманга бапташтырылган 30 даана Т-72Б3М танкы менен бекемдеген.

Андан мурун "москвалык форматтагы" талкууну болжолдуу кеңейтүү үчүн базанын Мотоаткычтар бөлүгү заманбап БМП-2, жаңы үлгүдөгү "Верба" зениттик ракеталар комплексине, ошондой эле абдан ыраакка багытталган реактивдүү огнемёттор, танкка каршы "Корнет" ракеталык комплекстерине, 12,7 мм калибрдеги узакка ылайыкталган "Корд" АСВК-М снайпердик винтовкаларына, АК-12 автоматтарына жана башка куралдарга ээ болгон.

Пакистандагы АКШ авиабазасы

Кошмо Штаттар жана НАТО өлкөлөрү 20 жыл согушкан Афганистандын келечегине өз жоопкерчилигин мурдагыдай эле аңдаша элек. Жеңилип жана америкалык күчтөрдүн чыгарылышына карабастан Вашингтон афган чек араларына жакын "кошумча аэродромду" жайгаштыруу жөнүндө чөлкөмдөгү оюнчулар менен сүйлөшүүгө тырышканын коё элек. Борбор Азия өлкөлөрү андай сунушту кабыл албай турганын болушунча так кесе билдиришкен, анткен менен Пакистанда Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-аба күчтөрүнүн базасы пайда болушу ажеп эмес.

Болгондо да Исламабад талибдер менен кызматташуунун "бейрасмий каналдарын" колго алып койгон. Аталган мамлекет менен Кошмо Штаттар Афганистанда АКШнын ААК аскердик жана чалгындоо операциялары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюуга чукулдап калышты. Ошентип Вашингтон жеңилүү ызасын басаңдатып, ал эми Исламабад террорчулукка каршы күрөштө жана Индия менен алака түзүүдө америкалык жардам алмакчы.

Эгер америкалык аскердик авиация Афганистандын аймагын катуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, 20 жылдык тарых кайра кайталанары шексиз. Бул жай жарандарга жаңы бүлгүндү салып, чектешкен Борбор Азия мамлекеттерине качкындардын жаңы агымын жаратары турулуу иш.

Бул көйгөйдү даана түшүндүрүү үчүн көрсөткүчтөргө бир үңүлүп көрөлү. Америкалыктар Афганистандан 124 миң чакты кишини көчүрдү, Түндүк Америкадагы Пентагондун базаларында эле ушул тапта 53 миңден ашуун афгандык жаран баш калкалоодо. Афганистандагы абал дагы ырбай бере турган болсо, миллиондогон адам качкынга айланат.

Афганистан ислам республикасынын жаңы бийлигинин өкүлдөрү жакында эле Улуттук каршылык көрсөтүүнүн жогорку кеңешин түзүү туурасында жар салышты. Кеңеш жарандарды "ички өзүм билемдикке, чет өлкөлүк агрессия жана оккупацияга каршы оор жана узак сүрө турган күрөшкө" даяр турууга чакырды. Демек, Афганистандын аймагында "баары баарына каршы согуш" дагы бир топко созулары айкын болуп калды.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жалыңыздар.

100
Белгилер:
Афганистан, АКШ, НАТО, Россия, Владимир Путин, талкуу, 'Талибан' кыймылы, саммит, Борис Жонсон
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай
Депутат Анарбек Калматов. Архив

Садыр Жапаров администрациясына эки жаңы кадр дайындады

377
(жаңыланган 18:53 27.10.2021)
Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Анарбек Калматов президенттин парламенттеги өкүлү кызматынан бошотулуп, администрацияга караштуу Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган документке мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Калматовдун ордуна Алмасбек Абытов келип, президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тескемеге президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.

Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.

377
Белгилер:
Садыр Жапаров, Анарбек Калматов, Алмасбек Абытов, дайындоо, президенттик администрация
Тема боюнча
Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министрине орун басар болду
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

21
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

21
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты