Садыр Жапаров алты сотту кызматка дайындады. Тизме

© Фото / PexelsСудья балкасы менен. Иллюстративдик сүрөт
Судья балкасы менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына алты талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров алты сотту кызматка дайындаган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Талапкерлер Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунушталган.

Дайындалган соттордун тизмеси:

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна — Маматкулов Русланбек Темиркулович.
  • Балыкчы шаардык сотуна — Мамбетова Чинара Сталбековна.
  • Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна — Чоткараев Тилек Устабаевич.
  • Талас облустук сотуна — Султаналиева Айнура Кенжебековна.
  • Баткен облустук сотуна — Пазылов Мамасаит Мамытович.
  • Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна — Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0