Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Масадыковдун жооптуу кызматка дайындалышы анын аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин айткан.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды
Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Жолугушууга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышты.

Мамлекет башчы Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин айткан. Аны менен бирге Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатын көздөгөнүн белгилеген.

"Садыр Жапаров төраганын орун басарынын негизги милдеттери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, кызыкчылыктарды коргоо жаатында тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо экенине көңүл бурду. Анын коопсуздукка байланыштуу чакырыктар менен коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларды алдын алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды бериш керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу маанилүү экенин айткан.

Масадыков мамлекет башчысына ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирген.

"Азыркы кезде жалпысынан Борбор Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу. Болгон билимимди жана региондун коопсуздук маселелери боюнча көп жылдык эл аралык тажрыйбамды болушунуча колдонууга даярмын", — деп айткан Масадыков.

Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жапаров мамлекеттик резиденцияга барган депутаттар менен эмнени талкуулады
Ошондой эле ал кесиптештерине кайрылып, өлкөнүн өнүгүшү жана жарандарынын бакубатчылыгы үчүн ачык-айкын кызматташууга, натыйжалуу иштөөгө даяр экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын негиздеп, 12-июлда ага эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыковду дайындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0