Чет өлкөдөн дарыланат. Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-премьер министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.

"Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0