Жанар Акаев: буга чейин бир дагы президент депутаттарды чайга чакырган эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жанар Акаев. Архив
Депутат Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Кечээ айрым депутаттар сессиянын соңунда мамлекет башчынын депутаттарга сый тамак уюштурары салтка айланган көрүнүш экенин айткан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Буга чейин бир дагы президент Жогорку Кеңештин депутаттарын чайга чакырган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-июлда, эл өкүлдөрүнүн жоон тобу президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барган. Депутаттар Умбеталы Кыдыралиев менен Бейшеналы Нурдинов жыл сайын сессиянын соңунда мамлекет башчы депутаттарга сый тамак уюштурарын айткан. Муну салтка айланган көрүнүш катары сыпатташкан.

Бирок Акаев кесиптештеринин айткан пикирин четке кагууда.

"Минтип чайга чакырганын коррупция катары сыпаттаса болот. Эгер Түштүк Кореяда ушундай болсо, баары отставкага кетмек. Буга чейин бир дагы президент депутаттарды чайга чакырган эмес. Андыктан салтка айланган көрүнүш деп айта албайм", — деди Акаев.

Ошондой эле ал өзү талкууга түшкөн сый тамакка барбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0