Эки жолу чай берсе эрип кеттиңерби? Депутат шайлоо босогосу 5%га көтөрүлгөнүн айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Рыскелди Момбеков. Архив
Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Депутат октябрь айында бир миллионго жакын добуштар күйүп кеткенин белгилеп, дагы ушундай кырдаал кайталанышы мүмкүндүгүн белгиледи.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга келгенде шайлоо босого чекти беш пайызга көтөрүү сунушталды.

Депутат Рыскелди Момбеков эмне себептен өзгөртүлгөнүнө кызыкты.

"Бул мыйзам биринчи окууга келгенде шайлоо босогосу 3 пайыз эле, экинчи окууда 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби же эмне болду, айткылачы? Эмне үчүн 2 пайыз кошулуп калды?" — деди Момбеков.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алтынбек Сулайманов тармактык комитетте депутаттардын сунушу менен кошулганын билдирди.

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти
"Октябрда бир миллионго жакын добуштар күйүп кеткен. "Мекенчил" партиясынын 132 миң, "Республиканын" 120 миң, "Ата Мекендин" 80 миң, "Бир Болдун" 60 миң добушу күйгөн. Анан ыңкылап чыккан. 5 пайыздык босого менен да ошондой болбойт деп ким кепилдик бере алат. Муну менен бечара партияларды чаап жатпайсыңарбы. Азыр демилге өтпөй калса эмне кыласыңар? Залда 50 депутат отурат, 10у каршы болсо, дагы 40 добушту каяктан табасыңар, дагы чайга чакырабы?" — деди Момбеков.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде бирөөнү күнөөлөбөй депутаттар өз ара чечиши керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0