Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды

© Фото / пресс-служба ЖКБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
БШК төрайымы "шайлоо адилетсиз өтүп жатат" деп айыптаган депутат кызматтык абалынан пайдаланып, партиясынын кызыкчылыгын коргоп жатканын кыйытты.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Шайлоо мыйзамдары боюнча демилге каралып жатканда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттар менен кайым айтышты.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев шайлоо маалында бардык партияга тегиз кароого чакырды.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Марлен Маматалиев
Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Депутат Марлен Маматалиев
"Мен сизди акыйкаттуу, ачык-айкындуулуктун башында турган төрайым катары сыйлайм. Айрым депутаттар жагабы же жакпайбы, баарына бирдей карап берүүңүздөрдү өтүнөм. Ар кандай топтун сөзүнө кирбей адилеттүү болушуңузду каалайм. Ансыз деле Бишкек шаарында айрым партиялардын мыйзам бузуулары каралбай калды. Ошондой нерсе келечекте кайталанбасын, баарына бирдей мамиле кылыңыз", — деди Маматалиев.

Буга БШК төрайымы депутат кызматтык абалынан пайдаланып жатканын кыйытуу менен жооп берди.

Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Эки жолу чай берсе эрип кеттиңерби? Депутат шайлоо босогосу 5%га көтөрүлгөнүн айтты
"Мен сизге салыштырмалуу кызматтык абалымды пайдаланбайм. Сиз мыйзамсыз аракеттерге барган өзүңүздүн партияңыздын иши тууралуу айтып жатасыз. Сиз мени ушинтип сүйлөөгө мажбур кылып жатасыз. Мен дагы сизге БШКнын ишине кийлигишүүдөн карманууну сунуштайм", — деди Шайлдабекова.

Андан соң депутат ага суроо эмес, каалоо катары айтканын белгиледи.

"Антип мага комментарий бербей эле коюңуз. Керек болсо фактылардын баарын президентке бергем, дагы берем", — деди Маматалиев.

Шайлдабекова БШК дагы ошондой принципти карманарын айтып, факты болсо берүүнү колдоорун билдирди.

Ошол учурда депутат Шайлообек Атазов чыгып, депутатка каяша сүйлөгөн жетекчилер көбөйүп баратканын айтты. Мындан улам төрагага кайрылып, БШК төрайымын тартипке чакырууну сунуштады.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Шайлообек Атазов
Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Депутат Шайлообек Атазов
"Бул эмне деген көрүнүш. Жогорку Кеңештин депутатына каяша сүйлөп отурат. Бул кимге таянып жатат? Депутат шаардык кеңешти шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып жатат. Бир партия добуш сатып алса, калганы карап отурду дейсиздерби? БШКнын адилетсиздигинен күздө революция болду. Дагы ошондой кайталанбасын деп чыркырап жатабыз", — деди Атазов.

Андан соң спикер Талант Мамытов депутаттар чекиликтерди жоюу боюнча суроо берип жатканын айтып, буга комментарий бербей жооп узатууну эскертти.

Шайлдабекова депутаттар дагы жекеликке өтпөшүн суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0