Жогонку Кеңештин имараты. Архив

Босого 5%, аялдардын квотасын азайтуу. Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду

295
(жаңыланган 20:50 28.07.2021)
Эми 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорун бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Бүгүнкү жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык, 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат. Ал эми босого чек үчтөн беш пайызга көтөрүлгөн. "Ар бир төртүнчү депутат аял болсун" деген квота киргизилди.

Жыйында сүйлөгөн депутаттар президент бир мандаттуу шайлоо системасын калтырууну талап кылып, "калганын өзүңөр чечкиле" деп айтканын билдиришти.

Натыйжада 107 депутат макул, экөө каршы добуш берди. Эми мыйзам долбооруна президент кол койсо күчүнө кирет. 

295
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам долбоору, депутат
Тема боюнча
Эки жолу чай берсе эрип кеттиңерби? Депутат шайлоо босогосу 5%га көтөрүлгөнүн айтты
"Кыз-Бурак" болуп кетет. Депутат ЖКда аялдардын квотасын азайтууну сунуштады
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив

Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты

14
(жаңыланган 11:43 26.09.2021)
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Валдай" клубунун адиси, саясат таануучу Фархад Ибрагимов афган окуясынан кийин Борбордук Азиядагы абал жана Ташкенттин бул өлкөнүн жаңы бийлигине мамилесин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

Саясат таануучунун айтымында, бул Ташкент менен ШКУ "Талибан"* кыймылы менен диалогго барууга даяр болуп калганын түшүндүрөт.

"Муну талибдер белги катары кабыл алса болот. Демек, башкалар аларды укканга даяр, болгону Афганистандын жаңы бийлиги жооп бериши керек. Алар макулдугун берсе ШКУ тараптан диалог үчүн аянтча түзүлөт. Тараптар ымга келе албаган күндө дагы бири-биринин пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот", — деди адис.

Ошондой эле ал аймакта ар бир өлкөнүн Афганистанга жана талибдерге карата өз түшүнүгү бар экенин кошумчалады.

"Иран менен Тажикстан Афганистанда инклюзивдик (коомдо ар бир адамга тең укук берген) өкмөттүн түзүлбөй жатканына нааразы болууда. Ал эми Өзбекстан эгер талибдер "кызыл сызыктан" өтпөй турган болсо, жаңы Кабул менен иштешүүгө даяр", — деди ал.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

Ал эми өтүп бара жаткан аптада Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга гуманитардык жардам жеткирип барып, талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрүп келген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

14
Белгилер:
Кабул, Өзбекстан, Борбордук Азия, мамиле
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Масадыковдун Афганистанга барганы боюнча президенттин аппараты түшүндүрмө берди
Талибдер Тажикстанга чектеш афгандык Тахар аймагына миңдеген согушкер жиберди
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев. Архивдик сүрөт

Мамлекеттик катчы тууралуу жобо бекитилди. Милдеттери жана ыйгарым укуктары

208
(жаңыланган 19:58 25.09.2021)
Президенттин жарлыгында мамлекеттик катчынын негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Бул кызмат орун 12 жылдан кийин кайра жанданды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен өлкөнүн мамлекеттик катчысы тууралуу жобону бекитти. Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айынан бери бул кызматты Чолпонбек Абыкеев аркалап келет. Мамлекеттик катчылык кызматы 2009-жылы жоюлган болчу, жаңы баш мыйзам кабыл алынган соң ал кайра иштей баштады.

Жободо белгиленгендей, мамлекеттик катчы жеке президенттин карамагындагы кызмат адамы болуп саналат. Ал Баш мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын чегинде иш алып барат. Мындан сырткары, президенттик администрациянын, министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын аппараттык түзүмдөрү, эл аралык, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен иштешет.

Негизги милдеттери:

  • Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө;
  • коомдук ырашкердикти жана саясий туруктуулукту орнотуу, коомдун бардык топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун жана бириктирүүнүн негизинде коомду консолидациялоо жана руханий адеп-ахлактык кайра жаралуу боюнча концептуалдуу мамилелерди иштеп чыгуу;
  • маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
  • мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздерин иштеп чыгууга катышуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыздоо.
  • Мамлекеттик катчынын ыйгарым укуктары:
  • коомдун маданий жана руханий өнүгүү абалын, тенденциясын талдоону уюштурат, өлкөнүн илимий жана коомдук чөйрөлөрүн тартуу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте билим берүүнү өркүндөтүү, илимди, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар кандай актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик институттар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
  • коомду маданий жана руханий жактан өнүктүрүү, аялдарды, үй-бүлөнү, жаштарды колдоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, өзүнүн компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
  • руханий адеп-ахлактык тарбиялоону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук программалардын, Кыргызстандын президентинин жарлыктарынын жана долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөйт;
  • Кыргызстандын президентинин сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясына кирген иш-чаралар планын иштеп чыгат жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
  • Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат;
  • өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууларды жүргүзөт;
  • мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан зарыл болгон каалагандай маалыматты белгиленген тартипте сурайт жана алат;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, министрлер кабинетинин жыйналыштарына, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин коллегияларына, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына (кеңешмелерине) катышат;
  • өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угат;
  • өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берет;
  • өзүнүн карамагына таандык болгон маселелерди чечүүгө катышуу үчүн аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартат;
  • Президенттин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик катчы өлкө президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Анын өзүнүн катчылыгы болот. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик катчынын сунушу боюнча президенттин администрациясынын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Катчылык кызматтык имарат, транспорт, кызматтык жайлар, керектүү уюштуруучулук техника, байланыш каражаттары жана башка шарттар менен камсыз кылынышы керек.

Мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин каржылоо президенттик администрациянын камсыздоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражатынын чегинде жүзөгө ашырылат.

208
Белгилер:
мамлекеттик катчы, кызмат, орун, жобо, жарлык, ыйгарым укуктуу өкүл
Тема боюнча
Калбеков: "Тилектештик автобусу" 13 миңдей кишиге укуктук жардам көрсөттү
Юрист 10 жашка чейинки балдардын укук, милдеттерин санап берди