Парламент MegaCom компаниясын менчикке сатууга макулдук берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги MegaCom имараты. Архив
Бишкектеги MegaCom имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Компаниянын наркы азырынча баалана элек, бирок Улуттук банк потенциалдуу кардар катары каралып жатканы маалым.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясын жана үч банктагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоорун жактырды.

MegaCom боюнча бардыгы болуп 82 депутат добуш берсе, анын — 80и макул, экөө гана каршы болгон.

Төмөнкү активдер сатыкка коюлган: 

  • MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын акциясынын 100 пайызы;
  • "Кепилдик фондунун" 14,09 пайызы;
  • "Керемет банктын" 0,74 пайызы;
  • Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы.

Кечээ парламенттин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров MegaCom компаниясынын наркы азырынча баалана электигин билдирген. Ал эми Улуттук банкты потенциалдуу кардар катары карап жаткандыктарын айтышкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0