Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Казакбаев түркмөн кесиптеши менен БА президенттеринин жолугушуусун талкуулады

48
Сүйлөшүү түркмөн тараптын демилгеси менен уюштурулган. ТИМ башчылары 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусун уюштуруу тууралуу пикир алмашкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөн тараптын демилгеси менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эки мамлекеттин ТИМ башчылары 2021-жылдын 5-6-августунда Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашкан.

"Казакбаев менен Мередов боло турчу иш-чаранын мазмундуу бөлүгүн талкуулап, анын алкагында кабыл алууга пландаштырылган көп тараптуу документтерге өзгөчө көӊүл бурушту. Тараптар Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу жогорку деӊгээлде өтүп, регионалдык кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана кеӊейтүүгө дем берерине ишеним артышты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ТИМ башчылары президенттердин жолугушуусунда өтө турган бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашканы кошумчаланды.

48
Белгилер:
Кыргызстан, Түркмөнстан, президент, жолугушуу, ТИМ, телефон, сүйлөшүүлөр
Тема боюнча
Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 6-августта Түркмөнстанда жолугат
Аткаминер. Архив

Акыйкатчы, шаардык кеңештин төрагасы. Шайлоого катышам деп иштен кеткендер

19
(жаңыланган 12:42 18.10.2021)
29-августта "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалаган жетекчилер шайлоого катышса иштен кетиши керек.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар кайсы деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды ээлеп турган аткаминерлер 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанып жаткандыктан иштен кетүүдө. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан кабарлашты.

БШК эске салгандай, быйылкы жылдын 29-августунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалагандар (ЖК депутаттары менен президенттен башкасы) жана муниципалдык саясий кызматкерлер (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан башкалар) шайлоого катышып жаткан учурда кызматтан четтетилиши зарыл.

Ал эми башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалагандар жана ЖМК өкүлдөрү талапкерлигин койгондон тарта шайлоо жыйынтыгы угузулганга чейин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп турушу керек.

Мындан улам төмөнкү жетекчилер ишин тапшырды:

  • Жалолидин Нурбаев — Ош облусундагы Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Эржигит Пасанов — Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Чыңгыз Оморов — Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн жетекчиси;
  • Нурмат Рыскулбек уулу — Чүй облусундагы Жайыл районунун Красно-Восточный айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Мирлан Жекшенов — Чүй облусундагы Москва районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Акылбек Мурсалиев — Чүй облусундагы Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Эркин Иманкулов — Чүй облусундагы Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы;
  • Замирбек Сыргабаев — MMA уюмунун мурдагы мушкери, Баткен облусундагы Кадамжай спорттук мектебинин директору.

Ошондой эле БШК кызматтан кетүү арызын акыйкатчы Токон Мамытов дагы жазганын кошумчалады.

19
Белгилер:
БШК, шайлоо, жетекчи, кызмат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин 41 жаштагы кызматкери депутаттык мандат алды
Социалдык фонддун жетекчиси Бахтияр Алиев. Архив

Бахтияр Алиев КТРКдан кетип, Соцфондго жетекчи болду

103
(жаңыланган 11:52 18.10.2021)
Бактияр Алиев 2001-2009-жылдан аралыгында Социалдык фонддо иштеп, жетектөөчү адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткен.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бактияр Алиев Социалдык фонддун жетекчиси болуп дайындалганын мекеменин маалымат кызматы тастыктады.

Аны бүгүн эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.

Заместитель председателя кабмина Эдиль Байсалов представил Бактияра Алиева, в качестве нового руководителя, коллективу Соцфонда. 18 октября 2021 года
© Фото / пресс-служба Соцфонда КР
Аны бүгүн эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган

Алиев буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп келип, өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал эми 2001-2009-жылдан аралыгында Социалдык фонддо иштеп, жетектөөчү адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткени маалым.

Буга чейин аталган фонддуу Жаныбек Орозалиев жетектеп келген.

103
Белгилер:
Бахтияр Алиев, Социалдык фонд, жетекчи, кызмат, дайындоо
Тема боюнча
Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду
Кайрат Иманалиев КТРК жетекчисинин милдетин аткармай болду
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

0
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" эпосунда фонтанды түшүндүргөн "оргума" деген көөнө сөз бар. Аны учурда күнүмдүк турмушта колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

Анын айтымында, "Манас" эпосунда көптөгөн көөнө сөз кездешет.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Күндөлүк турмушта колдонулуп келген фонтан деген маанини түшүндүргөн сөз "Манаста" барбы деген суроо жаралат. Адатта фонтан сөзү бизге тыштан кирип, биздин тарыхта кездешпегендей кабылданып калууда. "Манас" эпосунда фонтан "оргума" же "оргу" деп айтылган. Бул сөз атырылып чыгуу, оргуштоо, уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү деген маанини түшүндүрөт. Эпосто "оргумасы оргуштап калаа көркү өсүптүр" деген саптар Сагынбай Орозбаковдун вариантында кездешет. Муну бүгүнкү турмушта да колдонууга мүмкүн. Анткени учурда шаарларда оргумалар, башкача айтканда, фонтандар арбын", — деди Талантбеков.

Ал ошондой эле көөнө сөздөрдү колдонуп тилди байытууга болорун кошумчалады.

0
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан, көөнө сөз
Тема боюнча
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет