Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болору айтылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов. Архив
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Алмаз Мамбетов 2020-жылдын октябрь айынан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп дайындалат. Бул тууралуу бийлик органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.

Бишкек шаардык кеңешин депутаты Кубанычбек Конгантиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Бишкек шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиев төрага болду
Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. Ага чейин Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, былтыркы жылдын февралында кызматтан алынган.

Белгилей кетсек, Ош шаарын 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашов жетектеп келген. Жакында эле ал жаңы шайланган депутаттар бул кызматты кайра сунуштаса макул болорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0