Акаев Бишкекке келип, учурда сурак берип жатат. УКМКнын билдирүүсү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинди
Акаев Бишкекке келип, учурда сурак берип жатат. УКМКнын билдирүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинди

Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

"Акаев "Кумтөр" келишиминдеги коррупциялык иштер боюнча ошол кездеги башка кызмат адамдары сыяктуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраагы, ал президент кездеги бул коррупцияга катыштыгы бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кумтөр кениндеги самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады
Ошону менен бирге УКМКдан "тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу үчүн Акаевди Кыргызстанга алып келүү, кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүргүзүлгөнүн" айтышты.

"Жыйынтыгында Акаев 2-августта Бишкекке алып келинип, ведомстволор аралык тергөө тобуна берилди", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда Акаев УКМКнын имаратында экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0