Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Бейшеналиев июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Эми өлкөнүн элчиси болду.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бейшеналиев июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0