Кумтөр алтын кени. Архив

Болгон чындыкты айтайын дедим. Акаев эмне үчүн сурак берүүгө келгенин билдирди

665
(жаңыланган 20:47 02.08.2021)
Мурдагы президент Кумтөрдү кантип жана эмне максатта курганы жана кандай катачылыктар кеткени боюнча айтып бергенин билдирди.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев УКМКдан сурак берип чыккандан кийин журналисттерге маек берип, кандай максатта келгенин айтты.

Ал тергөөнүн Кумтөр кенин ишке киргизүү боюнча суроолоруна жооп берип чыкканын белгиледи.

"Кумтөр мен иштеп жаткан учурда курулган, андыктан мен көрсөтмө берип тергөөгө жардам бергим келет. Ошол эле учурда УКМК төрагасына ыраазчылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Албетте, суроолор болду, бүгүн биринчи суракты берип чыктым. Мен болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим. Кумтөрдү кантип курганбыз, эмне максатта курганбыз, кандай катачылыктар кетти, жалпысынан баары боюнча айтып бердим. Тергөө дагы уланат, мен бүгүн гана учуп келдим, иш менен жаңы эле тааныштым. Дагы жолугушуулар болот. Мындан башка эч нерсе айта албайм азыр. Иш бүткөндөн кийин гана айта алам", — деди Акаев.

Ошондой эле ал бүгүн президент Садыр Жапаров менен да жолугуп Кумтөр боюнча билген маалыматынын баарын айтып бергенин белгилеп, баарыбыз биргеликте республикага жардам беришибиз керек деген пикирин билдирди.

665
Белгилер:
Аскар Акаев, Кумтөр, сурак, УКМК
Тема боюнча
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рабочем кабинете

Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбоорду ЖКга кайтарды

0
(жаңыланган 19:29 27.09.2021)
Мыйзам долбоору экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген. Бизнес коомчулугу документ эч кандай коомдук талкуусуз эле кабыл алынып жатканына нааразычылык билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимдин кабыл алынышына эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.

Экономикага чукул кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын айтымында, бул сунуш пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринен улам берилген. Министр өзгөчө кырдаал режими министрлер кабинетине салык ставкаларын жана салыктык администрациялоону өзгөртүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда бюджетти парламенттин уруксатысыз бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүргөн. Каникулга кетер алдында депутаттар долбоорду үч окууда жактырган.

Ишкерлер мыйзам долбоорунун демилгечилери бизнес коомчулугунун макулдугусуз эле президентке кол койдурууга аракет кылып жатканын белгилешти. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эгер экономикага чукул кырдаал киргизилсе, мамлекеттик органдар бизнес объектилерин жабууга, ошондой эле бир миллион сом айып салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бизнес коомчулугу президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат.

0
Белгилер:
экономика, мыйзам долбоору, президент, каршылык, пикир
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов

Инвестициялар министри Шыкмаматов иштен кетүү ниетин билдирди. Себеби

55
(жаңыланган 18:33 27.09.2021)
Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетүү үчүн арыз жазуу ниетин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров принял министра инвестиций страны Алмамбета Шыкмаматова. 27 сентября 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган

Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган.

"Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин айтып, аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчынын жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

55
Белгилер:
Алмамбет Шыкмаматов, отставка, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема боюнча
Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү