УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Тергөөнүн жыйынтыгында мурдагы премьер-министрди кармоо чечими чыккан. Сариев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Тергөөдө маалым болгондой, Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Тагыраагы, Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан", - деп айтылган маалыматта.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Сариев боюнча тергөө иштерин уланта турганы айтылды. Андан соң жакынкы 48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандала турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0