Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат Талант Узакбаев. Архив
Экс-депутат Талант Узакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Талант Узакбаев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип май айынын аягында кармалып, эки айга камалган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи май райондук соту экс-депутат Талант Узакбаевди Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Талант Узакбаев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалып, кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

"Экс-депутат Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды. Ушул эле Кодекстин 80-беренесинин 3-бөлүгү боюнча аны айыпка жыккан. Ага ылайык, экс-депутат мамлекетке 300 000 миң сом айып төлөшү керек", — деп жазылат билдирмеде.

Маалым болгондой, мындай өкүм күчүнө киргенден кийин тергөө абагында отурган Талант Узакбаев эркиндикке чыгат. Өкүмгө макул болбогон тарап 30 күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна кайрылууга укуктуу.

Белгилей кетсек, Кумтөр маселеси боюнча өлкөдө бир нече аткаминер кармалды. Кечээ дал ушул иш боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариев колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0