Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды

© Фото / Министерство обороны РУАскерлер Өзбек-тажик машыгуу учурнда
Аскерлер Өзбек-тажик машыгуу учурнда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өтө турчу машыгуу АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыккандан кийин жаралган коркунучка жооп катары жасала турганын айткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Тажикстандын коңшусу Афганистандын чек арасына жакын жерде Россия, Өзбекстан жана Тажикстан аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун маалымат кызматына таянып РИА Новости кабарлады.

"Үч мамлекеттин аскерлеринин машыгуусунун ачылыш аземи Тажикстандын Хатлон облусундагы "Харб-Майдон" полигонунда өттү", — деп айтылат маалыматта.

Россия тараптан машыгууну баштоо ишине Борбордук аскер округунун аскер башчысынын орун басары Евгений Поплавский катышкан. Тажикстандын аскер күчтөрүн коргоо министринин орун басары Абдухошим Гуломзода тааныштырса, Өзбекстандан Куралдуу күчтөр штабынын начальнигинин орун басары Фаррух Зиябаев барган.

Поплавскийдин айтымында, бул машыгууда аскердик тажрыйбаны текшерүү пландалууда. Иш-чара 5-10-август арасында өтөрү маалым болду.

Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө даярдалган орундуктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Афганистан бийлиги талибдер менен кызматташууга даяр экенин айтты. Бир шарты бар
Белгилей кетсек, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушууда өтө турчу окуу АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыккандан кийин жаралган коркунучка жооп катары жасала турганын айткан.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0