Мэрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараныбы? Расмий жооп

© пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов
 Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Бул меселе 2018-жылы дагы көтөрүлгөн. Депутат Ирина Карамушкина Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараны экенин парламентте айтып, соцтармакта талкууланган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Интернет айдыңында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараны деген маалымат тарады. Анда Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоого укугу жок деп жазылган.

Мэрдин милдетин аткаруучунун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок анын кеңешчиси Азамат Абсаттаровдун айтымында, мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Бул меселе 2018-жылы дагы көтөрүлгөн. Депутат Ирина Карамушкина Таалайбек Насирбекович Россиянын жараны экенин парламентте айтып, соцтармакта талкууланган. Мындан улам тиешелүү кызматтар Россияга сурам жөнөтүп, бирок маалымат тастыкталган эмес. Насирбекович Кыргызстандын эле жараны. Ал эми Россияда 15 жылдай иштеп келгени чын", - деди Абсаттаров.

Эске салсак, Таалайбек Сарыбашов 2-август күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Ош шаарын жетектеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0