34 жаштагы Дастан Дүйшекеев Казакстанга элчи болуп дайындалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Дастан Дүйшекеев. Архив
Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Дастан Дүйшекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Дастан Дүйшекеев 2020-жылдын октябрь окуяларынан киийн ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп иштеген. Ноябрь айында КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Дастан Дүйшекеев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Дастан Дүйшекеев 34 жашта. 2020-жылдын октябрь окуяларынан киийн ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп иштеген. Ноябрь айында КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0