Дүйшекеев менен орун алмашты. Мурдагы элчи президенттик администрацияга келди

© Фото / пресс-служба МИД КРӨлкө башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Жээнбек Кулубаев. Архив
Өлкө башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Жээнбек Кулубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, аталган бөлүмдүн буга чейинки жетекчиси Дастан Дүйшекеев экөө кызматтык орун алмашты. Кулубаев буга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жээнбек Кулубаев өлкө башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, аталган бөлүмдүн буга чейинки жетекчиси Дастан Дүйшекеев экөө кызматтык орун алмашты. Кулубаев буга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0