Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөлөрүн да Садыр Жапаров дайындайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Кеңешке мүчө болуп буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенген коомдук уюмдар кире алат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Антикоррупциялык ишкердик кеңешке кире турган мүчөлөрдү президент Садыр Жапаров өзү дайындайт. Бул туурасында кеңештин жарандык сектор менен биринчи жумушчу жолугушуусунда белгилүү болду.

Бүгүнкү жыйында мүчөлүккө киргизүү боюнча критерийлер добуш берүү менен чечилди. Натыйжада кеңешке уставында "коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенет" деген пункту бар коомдук уюмдарды гана киргизүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле талапкерлигин көрсөткөн тараптар жемкордукка бөгөт коюу боюнча жасаган иштеринин бир жылдык отчетун бериши шарт. Андан соң президент карап көрүп, мүчөлүккө бекитет.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жарандык сектор менен жолугууда. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жарандык сектор менен жолугууда. Видео
Белгилей кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мындан бир ай мурун, 8-июлда, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Жетекчиси Нуруйпа Муканова.

Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарт түзүп берүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0