Асылбек Жээнбеков УКМКнын тергөө абагында калды

© пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Саясатчы 1-июнда "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шектелип камакка алынган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 30-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.

Бүгүн шаардык сотто биринчи инстанциянын, Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечими каралды. Натыйжада сот райсоттун чечимин күчүндө калтырды.

ЖКнын мурдагы төрагасы, экс-президенттин бир тууганы 1-июнда камакка алынган. Ал "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шек жаратып жатат. Бул иш боюнча бир катар аткаминерлер менен депутаттар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0