Бишкектеги эки колонияны шаардын сыртына көчүрүү каралып жатат

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
ЖАМК жетекчиси түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасынын жана материалдык-техникалык базасынын эскилиги жеткенин белгиледи.

БИШКЕК, 11-Авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү колонияларын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевди президент Садыр Жапаров кабыл алган маалда кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров принял председателя Государственной службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции КР Аската Эгембердиева
Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү колонияларын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү колонияларын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатат
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Председатель Государственной службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции КР Аскат Эгембердиев
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев президент Садыр Жапаров кабыл алган маалда кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев президент Садыр Жапаров кабыл алган маалда кабарлады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с председателем Государственной службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции КР Аскатом Эгембердиевым
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн болгону белгиленген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн болгону белгиленген.
1/3
Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү колонияларын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатат
2/3
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев президент Садыр Жапаров кабыл алган маалда кабарлады
3/3
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн болгону белгиленген.

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн болгону белгиленген.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, сегиз өлкөнүн жаңы элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Садыр Жапаров сегиз өлкөдөн келген жаңы элчилерди кабыл алды. Сүрөттөр
Мамлекет башчысы ЖАМКтын эмгек жамаатын жана ардагерлерин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эгембердиев республиканын жазык-аткаруу системасында (КР ЖАС) жүргүзүлгөн реформалар, санариптештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, пенитенциардык системаны каржылоо жөнүндө, ошондой эле КР ЖАС органдары менен мекемелериндеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары тууралуу маалыматты ортого салды.

Ошону менен бирге ал бүгүнкү күндө ЖАМК системасындагы бир катар көйгөйлөрдү, атап айтканда, түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасынын жана материалдык-техникалык базасынын эскилиги жеткенин белгиледи.

ЖАМК төрагасы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирди.

"Президент Жапаров Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы көп жылдардан бери пенитенциардык мекемелерде укуктук тартип менен мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерин татыктуу аткарып келе жатканын баса белгиледи. Анткен менен бул системада жылдар бою топтолуп келген көптөгөн чечилбеген көйгөйлөр бар экени кошумчаланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео
Жапаровдун айтымында, министрлер кабинетине 2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмесине ЖАМКтын Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы 2-объектисин киргизүү тапшырылган. Алар үчүн 51 миллион сом көлөмүндө каражат бөлүнгөн.

Президент Жапаров ЖАМК жетекчилигине жаза аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр жана кызмат абалын кыянатчылык менен колдонуу фактыларын алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0