Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека/ Улукбек ШамбетовОш шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив
Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Борбор калаанын мэринин милдетин аткарып жаткан Сарыбашов чечими тууралуу Facebook баракчасына бөлүштү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу кеңешчиси Азамат Абсаттаров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Менин кызматты тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул айрым себептерге байланыштуу жеке өзүмдүн чечимим. Али далай кызмат кылабыз. Ким кандай ойдо болбосун биздин биринчи максатыбыз — мамлекетке, элге кызмат кылуу. Буга чейинки жасаган аракеттерибизге элибиз өз баасын берет. Алдыда мамлекетке, элге кызмат кылабыз деген жакшы тилектерим бар. Жакынкы айларда ал тууралуу кабарлайм", — деген Сарыбашов видео кайрылууда.

Эске салсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов 2-август күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал кызматка киришери менен мэрияда иштеген уулун кызматтан алган. БШК Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо күнүн 26-августка белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0