Мариповдун орун басары Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Айбек Жунушалиев
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Мариповдун биринчи орун басары жаңы мэр шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткарары айтылды.

БИШКЕК, 12-Авг. — Sputnik. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. Ал жаңы мэр шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткарары айтылды.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтынды" жетектемей болду
Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Мариповдун дагы бир буйругу менен Таалайбек Сарыбашов ээлеген кызматынан бошотулду. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0