Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVМурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Акыйкатчы Атамбаев менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардан кабар алуу ишинин алкагында жолукканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов №47 түзөтүү колониясына барып мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев ден соолугуна байланыштуу суроолорго жооп бергени айтылат.

Ал эми Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Мамытов эмне тууралуу сүйлөшкөнүн ачыктай албасын айтты.

"Жолугушуу тууралуу кенен маалымат бере албайм. Себеби ал ачык айтууну каалаган жок. Негизинен алганда баары жакшы", — деди акыйкатчы.

Ошондой эле ал Атамбаев менен №47 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардан кабар алуунун алкагында жолукканын белгиледи. Өткөн жумада УКМКнын тергөө абагына барып экс-премьер Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун абалын сураганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0