Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн?

© Фото / PexelsКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы, АКШ жана Индиядагы элчи, президенттик аппарат башчысы... Бул жогорку кызмат орундарын эмне байланыштырып турушу мүмкүн деп ойлойсуз?

Мындай кызматтарды аркалаган бир нече аткаминердин эмгек китепчесинде президенттин маалымат катчысы же басма сөз кызматынын жетекчиси болгону жазылган.

Өлкө башчысынын маалымат катчылык кызматы өтө барктуу. Бул киши мамлекет башчысына дайым жакын жүрөт, натыйжада басма сөз катчылары жогорку кызматтарга дайындалат. Буга "сыясы кургай элек" мисал да бар. 9-августта Дастан Дүйшекеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды.

Былтыр октябрда ал премьер-министр, кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун маалымат катчысы катары кыска убакыт иштеп калган. Декабрда мамлекет башчысынын аппараты, азыркы администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп калган.

Sputnik Кыргызстан жогорку кызматтарга дайындалган мурдагы маалымат катчылары жана басма сөз кызматынын жетекчилерин тизмектеп көрдү. Айрымдары кызматка "патрондору" иштен кеткенден кийин дайындалган.

Аскар Акаевдин кезегинде (1991–2005)

Эгемен Кыргызстандын тунгуч президентинин маалымат катчылары жана маалымат кызматынын жетекчилеринин көпчүлүгү таасирдүү кызматтарды ээлешкен.

Кабай Карабеков 1990-жылдары алгачкы ажонун басма сөз катчысы болуп, мамлекет башчысынын маалымат кызматын бир топ жыл жетектеп турган. Кийин кайрадан журналистикага кайтат. Акаевдин тушунда да, Бакиев башкарган убакта да (анын ичинде "Ак Жол" партиясынан) Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон.

Осмонакун Ибраимов 1993-жылы маалымат кызматын тескеп, 1999-2000-жылдары президенттин басма сөз катчысы (эки жолкусунда тең президенттин биринчи жардамчылык рангында) болгон. Ортодо вице-премьер, Индия, ага кошо Бангладеш, Непал жана Шри-Ланкада элчи болууга үлгүргөн.

2001-2005-жылдары өлкөнүн мамлекеттик катчысы, ага катар эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны да башкарган жайы бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековОсмонакун Ибраимов 1993-жылы маалымат кызматын тескеп, 1999-2000-жылдары президенттин басма сөз катчысы (эки жолкусунда тең президенттин биринчи жардамчылык рангында) болгон
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Осмонакун Ибраимов 1993-жылы маалымат кызматын тескеп, 1999-2000-жылдары президенттин басма сөз катчысы (эки жолкусунда тең президенттин биринчи жардамчылык рангында) болгон

Камил Баялинов журналистикага 1980-жылдардын аягында келген. 1994–1996-жылдары президенттин маалымат кызматын жетектеп, басма сөз катчылыгын да аркалаган.

1996-жылдан 2000-жылга чейин Венадагы эл аралык уюмдардагы КРдин туруктуу өкүлү, аны менен бирге эле Венгрия жана Чехиядагы элчилик энчисине тийген. 2001-жылга дейре мамлекет башчысынын кеңешчиси, кийин 2004-жылга чейин Кыргызстандын БУУ жана Нью-Йорктогу эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп турган.

Иманкадыр Рысалиев бир топ кызматтарга дайындалган. 1990-жылдары Мамлекеттик банктын төрагасынын жардамчысы жана кеңешчиси, ал эми 1994-жылы президенттин жардамчысы жана маалымат кызматынын жетекчиси эле.

Кылым тогошкон убакта эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген. Курманбек Бакиев президент кезде Мамлекеттик антимонополия, "Кыргыз почтасы" жана КР профсоюздар федерациясынын башында турган.

2019-жылы бир жаңжалга аты аралашты. MegaCom компаниясынын ошол кездеги жетекчиси Рысалиев аны коркутканын айтып чыккан. Ошондой эле экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экени ачыкталган.

Жаңыдан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары Каныбек Иманалиев журналист эле, ал эми 1994-1996-жылдары президенттин маалымат кызматына ишке кирген. 1996-жылы маалымат кызматын жетектеп, бир нече айдан соң мамлекет башчысынын басма сөз катчысы болгон. 1999-2004-жылдары "Учкун" акционердик коомун тескеп, 2000-жылдан бери бир тыныгуу менен Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон. Дал ошол тыным убагында эки жыл КРСУнун эл аралык байланыш боюнча проректору эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңыдан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары Каныбек Иманалиев журналист эле, ал эми 1994-1996-жылдары президенттин маалымат кызматына ишке кирген. 1996-жылы маалымат кызматын жетектеп, бир нече айдан соң мамлекет башчысынын басма сөз катчысы болгон
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жаңыдан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары Каныбек Иманалиев журналист эле, ал эми 1994-1996-жылдары президенттин маалымат кызматына ишке кирген. 1996-жылы маалымат кызматын жетектеп, бир нече айдан соң мамлекет башчысынын басма сөз катчысы болгон

Абдил Сегизбаев 1990-жылдары эл аралык уюмдарда, ал эми 2003–2005-жылдары Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматка алты жылдык тыныгуудан соң кайра кайтып, 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевге жардамчы, ортодо бир аз убакыт анын маалымат кызматын жетектеген.

© Фото / пресс-служба ЖКАбдил Сегизбаев мамлекеттик кызматка алты жылдык тыныгуудан соң кайра кайтып, 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевге жардамчы, ортодо бир аз убакыт анын маалымат кызматын жетектеген
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Абдил Сегизбаев мамлекеттик кызматка алты жылдык тыныгуудан соң кайра кайтып, 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевге жардамчы, ортодо бир аз убакыт анын маалымат кызматын жетектеген

Кийинчерээк башка кызматтарда да жүрдү, арасынан эң жогоркусу — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгы. 2021-жылдын январында президенттикке аттанып, шайлоого катышкан. Талапкер шайлоочулардын 1,45 пайыз добушуна татыган болчу. Ошол саясий окуядан он беш күн өтпөй Сегизбаев камакка алынып, ага баш-аягы алты кылмыш иши козголгон. Айтмакчы, алардын бири жашыруун гриф менен каралууда. Кылмыш иштеринин көпчүлүгү ал кишинин УКМКны жетектеп тургандагы ишмердигине байланыштуу. Ошондой эле жер тилкелерин трансформациялоодо жемкорлук схемага да шектелип жатат.

Курманбек Бакиевдин маалында (2005–2010)

Клара Кабилова негизинен дипломатиялык кызматтарда тажрыйба топтогон, ал эми 2006-жылы президент Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган. Кийин Стратегиялык изилдөөлөрдүн эл аралык институтун жана Борбордук шайлоо комиссиясын (2007–2008-жылдары) башкарган.

© Фото / пресс-служба ЖККлара Кабилова 2006-жылы президент Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган. Мамлекет башчысынын уулу Максим Бакиев тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга 2009-жылы кайткан. 2015-жылы ысымын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртөт
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Клара Кабилова 2006-жылы президент Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган. Мамлекет башчысынын уулу Максим Бакиев тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга 2009-жылы кайткан. 2015-жылы ысымын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртөт

Мамлекет башчысынын уулу Максим Бакиев тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга 2009-жылы кайткан. 2015-жылы ысымын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртөт. 2018-2021-жылдары ЖК депутаты болот. 2021-жылдын февралында ал Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган.

Акаевдин доорунда Досалы Эсеналиев ортодо бир аз тыныгуу менен президенттин маалымат кызматында эксперт катары эмгектенген. 2003-2008-жылдары аны жетектеп турду. 2008-2009-жылдар аралыгында мамлекет башчысынын администрация башчысынын орун басарлыгын аркалады. Кийин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАкаевдин доорунда Досалы Эсеналиев ортодо бир аз тыныгуу менен президенттин маалымат кызматында эксперт катары эмгектенген. Былтыр октябрь окуяларына чейин Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматын башкарган, бир нече айдан соң аны президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кызматтан алган
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Акаевдин доорунда Досалы Эсеналиев ортодо бир аз тыныгуу менен президенттин маалымат кызматында эксперт катары эмгектенген. Былтыр октябрь окуяларына чейин Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматын башкарган, бир нече айдан соң аны президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кызматтан алган

Апрель революциясынан кийин "Республика" жана "Бир Бол" партияларынын аткаруу комитеттерин тескеп турган. 2016-2018-жылдары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын директору эле. Апрелде президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары болгон. Бир нече ай өтпөй жетекчиликке жогорулаган.

Былтыр октябрь окуяларына чейин Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматын башкарган, бир нече айдан соң аны президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кызматтан алган.

Нурлан Шакиев журналист катары эмгектенип жүрүп, кийин Транспорт министрлигинин маалымат катчысы болуп иштеген. 2006-2009-жылдар президенттин басма сөз катчылыгына келген.

Апрель окуяларына дейре мамлекет башчысынын кеңешчиси, аны менен катар дагы бир кызматта – "ЭлТР" мамлекеттик телеканалынын башкы директорунун милдетин аткарып турган. 2010-жылдын аягында Алмазбек Атамбаевдин коалициялык өкмөтүндө маданият министри эле.

Алмазбек Атамбаевдин убагында (2011–2017)

Кадыр Токтогулов бир нече жыл журналисттик чөйрөдө жүрүп, 2011-жылы өкмөттүн маалымат кызматын башкарууга өткөн. Ал убакта өлкөдө премьер-министр Алмазбек Атамбаев эле. Кийин президент Атамбаевдин маалымат катчысы жана басма сөз кызматынын жетекчиси болгон. Көп өтпөй бул кызмат экиге бөлүнүп, Токтогулов маалымат катчы, ал эми администрациянын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектөө Сегизбаевге табышталган.

© Фото / Сайт МИД КРКадыр Токтогулов бир нече жыл журналисттик чөйрөдө жүрүп, 2011-жылы өкмөттүн маалымат кызматын башкарууга өткөн. Ал убакта өлкөдө премьер-министр Алмазбек Атамбаев эле
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Кадыр Токтогулов бир нече жыл журналисттик чөйрөдө жүрүп, 2011-жылы өкмөттүн маалымат кызматын башкарууга өткөн. Ал убакта өлкөдө премьер-министр Алмазбек Атамбаев эле

2014-жылдын 31-декабрында Кадыр мырзаны республиканын АКШдагы элчиси кылып жөнөтүп, 2019-жылдын башында аны кызматтан бошотушкан.

Жанар Акаев журналистика чөйрөсүндө мээнеттенген. 2015-жылдын февралынан август айына чейин Атамбаевдин маалымат катчылыгын аркалаган. Ошол эле жылдын октябрында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

© Фото / Уланбек АсаналиевЖанар Акаев журналистика чөйрөсүндө мээнеттенген. 2015-жылдын февралынан август айына чейин Атамбаевдин маалымат катчылыгын аркалаган
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жанар Акаев журналистика чөйрөсүндө мээнеттенген. 2015-жылдын февралынан август айына чейин Атамбаевдин маалымат катчылыгын аркалаган

Алмаз Усенов бир топ жыл бою мамлекет башчысынын маалымат кызматында эмгектенип жүрүп, эки президенттик шайлоодо PR-блоктордо салымын кошкон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмаз Усенов бир топ жыл бою мамлекет башчысынын маалымат кызматында эмгектенип жүрүп, эки президенттик шайлоодо PR-блоктордо салымын кошкон
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Алмаз Усенов бир топ жыл бою мамлекет башчысынын маалымат кызматында эмгектенип жүрүп, эки президенттик шайлоодо PR-блоктордо салымын кошкон

2012-жылдын октябрында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн, 2017-жылдын август айынын аягында президенттик аппаратты жетектеген. Бирок ошол эле жылдын 11-декабрында кызматынан бошотулган.

Садыр Жапаровдун тушунда

Былтыр 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Галина Байтеректи өз маалымат катчылыгына дайындаган. Май айынын ортосунда ал кызматын тапшырып, президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүн жетектөөгө өткөн. Ушул кызматынын алкагында быйыл Токиодогу олимпиадага барып келди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБылтыр 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Галина Байтеректи өз маалымат катчылыгына дайындаган
Трамплин. КР президенттеринин маалымат катчылары кандай кызматтарга көтөрүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Былтыр 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Галина Байтеректи өз маалымат катчылыгына дайындаган
Жаңылыктар түрмөгү
0