Талибдер Афганистан ислам эмирлиги түзүлөрүн жар салууга белсенип жатат

© REUTERS / STRINGERТалибан кыймылынын согушкерлери
Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Бүгүн эртең менен "Талибан" чабуулун баштап, ири шаарларды, андан соң чек ара бекеттерин, акыры Кабулду алып, Афганистанды толук каратты.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан" радикалдык кыймылы Кабулдагы президенттик сарайда туруп Афганистан ислам эмирлиги түзүлөрүн жар салууга даярданып жатат. Бул тууралуу кыймылдын өкүлүнө таянуу менен Ассошиэйтед Пресс кабарлап жатканын РИА Новости жазды.

Буга чейин Al Arabiya телеканалы согушкерлер борбор калаадагы президенттик сарайды өз көзөмөлүнө алганын билдирген болчу.

Бүгүн эртең менен "Талибан" чабуулун баштап, ири шаарларды, андан соң чек ара бекеттерин, акыры Кабулду алып, Афганистанды толук каратты. Ал эми Ашраф Гани Тажикстанга чыгып кетип, ал жактан башка өлкөгө багыт алары белгилүү болгон.

Ганинин учакка отуруп бара жаткан видеосу тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0