Афганистандагы кырдаал. Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга тапшырма берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Кыргызстана Садыра Жапарова с вице-президентом Всемирного банка
Встреча президента Кыргызстана Садыра Жапарова с вице-президентом Всемирного банка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Жапаров ТИМге Афганистандагы кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп, коопсуздугун камсыз кылууну күчөтүүнү жана тез арада эвакуациялоону тапшырды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Афганистанда түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алып жатат.

"Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантуусун айтты. Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болууну, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү жана мекенге тез арада эвакуациялоону тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Афганистандын Панджшер провинциясындагы жоокерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Талибдер басып ала элек Панджшер провинциясы каршылык көрсөтүүгө даяр
Ошондой эле президент тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасын берген.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы бир катар аймактар менен бирге борбор калаа Кабулду алган. ЖМКнын маалыматына ылайык, алар бардык чек араларды көзөмөлгө алышкан. Ал эми Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдер менен сүйлөшкөндөн кийин кызматтан кетүүгө макул болуп, өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.

Кыймылдын мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

* — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0