Талибан кыймылынын делегациясы. Архив

Дүйнөнү дүрбөткөн талибдер кайдан чыгып, кимдердин жетегинде. Фактылар

2516
(жаңыланган 20:15 17.08.2021)
"Талибан"* кыймылы 15-август күнү Афганистанды толугу менен өзүнө каратып, мамлекеттик бийликти колго алды. Азыр өлкөнү көзөмөлгө алган талибдердин кыймыл-аракетине дүйнө коомчулугу көз салып турган чак.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган кыймыл тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Медреседе тарбиялангандар. "Талиб" сөзү араб, пушту тилинен которгондо "медресенин окуучусу" дегенди билдирет. "Талибан"* кыймылынын алгачкы мүчөлөрү 1980-жылдардан тарта Пакистандын медреселеринде тарбиялана баштаган. Ага чейин, 1979-жылы, Афганистан саясий кризиске кептелип, жергиликтүү бийлик СССРдин аскерлерин жардамга чакырган. Ошол жылдары сырттан келген жоокерлерге каршылык көрсөтүүдө каза болгондор көбөйүп, өлкөдө качкындардын саны арбыган. Жыйынтыгында качкындар Пакистандын чек арасы менен чектешкен аймакка агылып, бир топ өспүрүмдөр, жаштар медреседен баш паанек алып, ошол диний окуу жайларда кыймылдын башаты түптөлгөн.

Ондогон жыл согушуп. Талибдер 1990-жылдардын башында өздөрү тууралуу жар салып, 1996-2001-жылдары Афганистандын көпчүлүк бөлүгүндө, Пакистандын түштүк-батышында бийлигин орнотууга жетишкен. Азыркы талибдердин аталары 1979-89-жылдары Афганистандын аймагына кирген советтик армия менен, кийин өздөрү 2001-жылдан баштап АКШ аскерлери жана Түндүк Афганистандын талаа командирлеринин топтору менен салгылашып келген.

Жардыруу, кол салуу. Талибдер өз максаттарына жетүү үчүн курал-жарактарды кеңири колдонуп келет. Буга чейин алар мектеп, мечит, мейманкана, эл аралык мекеме, чет элдиктерге кол салууларды уюштуруп, андан ондогон адамдар набыт болгон. 2001-жылы Афганистандын Бамиан өрөөнүндөгү эки чоң будда статуясын талкалап дүйнө коомчулугуна шерменде болгон. Ошол эле маалда талибдерди сырттан келген армияга куралдуу каршылык көрсөтүүчү элдик кыймыл катары да тааныган жергиликтүүлөр жок эмес.

Ханафи масхабын карманат. "Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү Борбор Азия калкынын көпчүлүгү карманган ислам дининин ханафи масхабын карманат. Бирок айрым диний эксперттер аларды матрудий акыйдасындагы мусулмандар деп эсептебейт. Себеби талибдердин көз карашынан, түшүнүгүнөн саясий салафизмдин кыймыл-аракеттерин байкоого болот. Кезинде алар Перс булуңундагы мамлекеттер каржылаган Пакистандагы медреселерде билим алып калган. Андан сырткары, талибдерди ашарит багытындагы мусулмандар дегендер да бар. Ашарит башка агымдагы мусулмандарды адашкандар деп санап, алар куугунтукталышы керек деп эсептейт.

Кыймылда кайсы улуттун өкүлдөрү көп? Мурда талибдердин негизги бөлүгүн жергиликтүү пуштулар түзсө, азыр катарында тажик, өзбек улутундагыларды да байкоого болот. Ачык маалыматтарда "Талибан" кыймылынын тарапташтарынын жалпы саны 100 миңге чукул делет.

Тыюу салынган кыймыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши "Талибан" кыймылын террористтик уюм деп чечим чыгарган. Ошондой эле дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде тыюу салынган кыймыл катары эсептелет. Кыргызстанда да террордук уюм катары таанылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Кыргызстанга коркунуч барбы? Көп жылдардан бери Афганистандагы бийликти өз колуна алып, өлкөдөгү башкаруу системасын алмаштыргысы келген талибдер жума башында 20 жылдан берки согуш аяктаганын жар салып, эл аралык коомчулуктагы коркунучтарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана башка мамлекеттер менен байланышты бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. 

Мындай жагдайда Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан коопсуздук жагынан тынчсызданууга негиз барбы деген маселе коомдо кызуу талкууланууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, талибдер өз көйгөйлөрүн чече албай туруп биздин аймакка келбейт.

Алмазбек Атамбаев принял директора Государственной комиссии по делам религий Орозбека Молдалиева
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору, саясат таануучу Орозбек Молдалиев
"Талибан"* азыр Борбор Азияга кол салбайт. Жаңы алган бийликти бөлүшүү керек, ички маселелери толтура. Саясатта бийликти алуу оңой, аны андан ары кармап, мамлекетти жөнгө салып кетүү өтө кыйын. Убакыттын өтүшү менен аларга каршы чыккандар да болот. Ошондуктан талибдер өз көйгөйлөрүн чече албай туруп биздин аймакка келе албайт. Бирок "Талибан" тыюу салынган түрдүү диний кыймылдарга баш паанек берип колдоого алышы да толук мүмкүн. Мындан улам тынчсызданууга толук негиз бар жана тобокелчиликтерди эске алуу керек. Дагы эске ала кетчү жагдай бар. Талибдердин күч менен бийликти алганын көрүп шыктанган Борбор Азиядагы түрдүү топтор да баш көтөрүшү ыктымал", — деди Молдалиев.

Ал эми "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору, диний аалым Кадыр Маликовдун пикиринде, жаралган жагдайда Борбор Азия мамлекеттери өз элинин биримдигин бекемдеши керек.

Религиовед Кадыр Маликов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору, диний аалым Кадыр Маликов
"Азыр Борбор Азия жаңы геосаясий реалдуулукта турат. Көбүбүз аны аңдай албай жатабыз. Биз дүрбөлөңгө түшүп, аябай эле тынчсыздана бербешибиз керек. Айрым саясатчылар "биздин аймакка жакын делген Афганистанда ислам системасындагы мамлекет пайда болду" деп коркуп жатышат. Ушул жагдайда эл башындагылар мамлекет ичиндеги динге, мусулмандарга өтө аяр мамиле жасап, светтик жана диний баалуулуктарды укуктук мамлекетте бирдей кароо зарыл. Элди ишенимине, динине, улутуна карап бөлбөй, калктын ички маселелерин чечип алардын башын бириктиргени оң", — деди Маликов.

Талибдердин башында кимдер турат?

"Талибан"* кыймылынын негиздөөчүсү Мохаммад Омар аттуу молдо. Ал талибдерди 2013-жылы каза болгонго чейин жетектеген. Азыр кыймылдын башында 60 жашка барып калган молдо Хайбатулла Ахундзада турат. Ал 2016-жылы Ахтар Мухаммад Мансур көз жумгандан кийин дайындалган.

"Талибандын" дагы бир негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Абдул Гани Барадар. Кезинде ал Мохаммад Омардын ишенимдүү командирлеринин бири болгон. Азыр ал кыймылдын Дохадагы саясий кеңсесин жетектейт.

Ошондой эле Сираджуддин Хаккани "Талибан" кыймылынын башчысынын орун басары. Кыймылды түптөгөн молдо Мохаммад Омардын 30 жаштагы бир уулу Мохаммад Якуб "Талибандын" аскердик комиссиясынын башчысы. Абдул Хаким Хаккани болсо талибдердин башында турган Хайбатулла Ахундзаданын ишенимдүү адамы жана сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси.

Учурда дүйнө коомчулугу Афганистанда болуп жаткан процесстерге тыкыр көз салып, окуя кайсы жакка өнүгүшүн күтүп турат.

"Талибдер"* — террористтик уюм катары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган

2516
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, Борбордук Азия, Кыргызстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (284)
Тема боюнча
"Талибан"* – 2021". Кыймылдын абалы азыр кандай?
Дүйнө Афганистанда өз тагдырын көргөндөй болду. Ой толгоо
АКШ президенти Жо Байден жана Россия президенти России Владимир Женевада жолугушуу учурунда. Архив

Сүйлөшүү узакка созулат. Путин менен Байден эмнени чечет?